53 ​бейтап коронавируска кабылды

Жаңылыктар

13-сентябрдагы маалыматта айтылгандай, COVID-19 инфекциясынын 53 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек - 11;
Ош - 2;
Чүй облусу – 7;
Ош облусу - 3;
Талас облусу - 1;
Нарын облусу - 2;
Ысык-Көл облусу – 9;
Жалал-Абад-10;

Баткен-8.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. 3 медкызматкер айыгып чыкты.

Коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3167 ге жетти. Алардын арасынан 2635 киши сакайып чыкты.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди .

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 44 881 ге жетти.

143 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 40 922ге жетти.

Өткөн суткада коронавирустан каза болгондор катталган жок.