COVID-19: 67 бейтап катталды

  • 4 года мурун

12-сентябрдагы маалыматта айтылгандай, COVID-19 инфекциясынын 67 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар

Бишкек — 20;
Чүй облусу – 3;
Ош облусу — 10;
Талас облусу — 1;
Нарын облусу — 3;
Ысык-Көл облусу – 7;
Жалал-Абад облусу – 14;
Баткен облусу — 9.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. 8 медкызматкер айыгып чыкты.

Коронавируска чалдыккан кызматкерлеринин жалпы саны 3166га жетти. Алардын арасынан 2669 киши сакайып чыкты.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 44 828 ге жетти.

145 киши ооруканадан сакайып чыкты киши сакайып чыккандардын жалпы саны 40 779 га жетти.

Өткөн суткада коронавирустан каза болгондор катталган жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты