Филиппинде англис тилин үйрөнүп, Дубайда стюардесса болуп иштеген Миранын баяны

.

Филиппинде англис тилин үйрөнүп, Дубайда стюардесса болуп иштеген Миранын баяны

Кыргызстанда бизнесин түптөп, Филиппинден тил үйрөнүп, Дубайда стюардесса болуп иштеген 24 жаштагы Мира Сабырованын баяны.

Мира Бишкек шаарында 1996-жылы туулуп, №5 мектеп гимназиясын аяктаган. Үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусу. Учурда Air Arabia компаниясы аркылуу Дубайга барып стюардесса болуп эмгектенүүдө.

«Мектепте да, университетте да жакшы окудум»

— Бишкек шаарындагы №5 мектеп гимназиясын окуп, Кыргыз-Славян университетинин архитектура, дизайнер-курулуш адистигин аяктагам. Мектепте алдыңкы окуучу болдум. Бешинчи класстан кийин жакшы окугандарды сабактар боюнча бөлүмдөргө бөлүп кетчү. Мен математика бөлүмүн тандагам, себеби ал сабакты жакшы көрчүмүн. Олимпиадаларда алдыңкы орундарды алдым.

Негизи бир ишти жасаганда аягына чейин чыгарганды жакшы көрөм.

Окууну аяктаган соң Кыргыз-Славян университетинде да алдыңкы студенттердин бири болууга жетиштим. Мен окуп жүргөндө апам, байкем болуп кийим тигүүчү цех түптөгөнбүз. Ал ишкана дагы менин кесибиме жакын болгондуктан, жаңы чыккан кийимдерге ат коюп, дизайн жагын карачумун. Апам, байкем экөө соода жагын карашат.

Ошентип, окуум менен бизнести бир алып кетүүгө жетиштим. Кыргызстандын жана Россиянын дипломдорун алдым.

«Бир гана окуу менен чектелген жокмун»

— Бизнес жаатын дагы, окууну дагы бир алып кетиш чындыгында кыйын болду. Бирок жетишүүгө аракет кылып жаттым. Андан тышкары тренингдерге барып, өзүмдү өнүктүрүүгө аябай аракет кылдым. Апам дагы колдоду. Аскар Салымбековдун мектебине жазылып, ал жактан дагы ар кандай курстарды окудум.

«Чет өлкөгө барып тил үйрөнүп келдим»

— Окуп жүргөндө эле чет мамлекетке барууну кыялданчумун. Көп тил үйрөнгүм келип, Кыргызстандан алган билимим жетишсиз экенин түшүндүм. Кийин бизде IDEA English schools in Cebu тил үйрөтүү мектеби бар экенин тааныштардан угуп калып, ошол мектепке барып окуп калдым. Ал жактан Филиппинге программа боюнча жөнөтүшөт экен, бир ай ал жакта окуп келдим. Филиппинге барыш үчүчн аябай көп иштеп, акча чогулттум. Себеби Кыргызстандан Кореяга, андан ары Филиппинге бардым. Жалпы 1000-1500 доллардын тегерегинде акча кетти. Бир айга эле барам дегем, бирок үч ай жүрдүм, себеби мага аябай жакты. Өнүккөн өлкө экен, кооз.Баардык адамдар өздөрүн бактылуу сезип, жылмайып жүрүшөт экен.

«Стюардесса болом деп миң уктасам түшүмө кирчү эмес»

— Филиппинден мекениме келгенден кийин кайра эле бизнесим менен алектене баштадым. Досторумдан «Казакстанга Бириккен Араб Эмираттарынын чоң компаниясы келгени жатыптыр, жумушка алат экен» деп угуп калып, интернеттен таап, өзүмдү сынаш үчүн интервьюсуна барып көрдүм. Этап-этабы менен өткөн, суроолору дагы оор экен. Ал компанияга Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстандан миңден ашык адам тапшырган экен. Биринчи турда видео байланыш аркылуу компаниянын директору менен сүйлөшкөнбүз. Экинчи турда компаниянын өкүлдөрү Казакстанга келип, бизди Казакстанга чакырышты. Комиссияда 5 киши отурду, алгач өзүм жөнүндө айтып бердим, андан кийин ар кандай суроолорду узатышты. Арадан бир жума өткөндөн кийин экинчи турдан өттүңүз деп чалышты. Үчүнчү турда «онлайн тесттен өтүшүңүз керек» деди. Тестти 6 саат компьютер менен тапшырдым, суроолору чындап оор экен. Кыргызстандан дагы көп адам тапшырган, бешөөбүз өттүк анын арасында мен дагы бар экенмин. Ошентип, Дубайга келип стюардесса болуп иштеп калдым. Эки жылга контракт түздүм. Убактысы бүткөн соң, ошол жактан эле башка компаниялар менен контракт түзүп калып калдым.

«Кыргызстан менен Дубайдын айырмасы асман менен жердей»

— Дубай — өнүккөн шаар, Кыргызстандын шаарларынан бир топ айырмаланат. Эли дагы кең пейил, аял кишилерди аябай сыйлап турушат, метродо дагы аялдарга биринчи орун беришет. Мен дагы бул жакка келип иштеп калганыма өкүнбөйм, себеби өнүккөн мамлекет, жашоо шарты жакшы.

«Кийинки өсүп келе жаткан жаштар университеттеги окуу менен эле чектелбесе»

— Азыркы учурда бизде деле акырындык менен баары өнүгүп келе жатат. Чет мамлекетке барып, билим алганга деле көптөгөн программа, курстар бар. Ошолорго жазылып, эл көрүп, жер көрүп өздөрүн өнүктүрүп билим алышса бул аябай жакшы нерсе. Билимдин эрте — кечи жок дегендей университетти бүткөндөн кийин деле башка жакка барып окушса болот.

«Кийин мекениме келип өз ишимди улантсам дейм»

— Мен бул жакта эле жүрө бербей, Кыргызстанга барып бизнесимди кеңейтип, мындан башка дагы ишканаларды ачсам деген ойлорум бар. Жаңы нерселерди чыгарганга умтулуп, Мекениме дагы ак кызмат кылсам дейм. Бул жактын дагы жашоо — турмушун көрдүм, көп нерселерден сабак алдым, алдыда дагы көптөгөн пландар бар, ошонун баарын ишке ашырганга аракет кылам.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты