​БШК «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттады

  • 4 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясын парламенттик шайлоого талапкер катары каттады. Мындай чечим БШКнын 9-сентябрдагы кечки жыйынында кабыл алынды.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекованын сөзүнө караганда, БШК Бишкектин административдик соту чыгарган чечимге каршы жогорку сот бутагына даттана алат. Бирок БШК партияны ал шайлоонун белгиленген иш-чараларынан артта калбашы үчүн каттоого алды.

Кечээ, 9-сентябрда Бишкектин административдик соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы арызын канааттандырган.

Жараян жүрүп жаткан убакта партиянын тарапкерлери имараттын сыртына чогулуп, соттун калыстыгын талап кылышты.

БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» талапкерлерин аныктоодо эреже бузган деп таап, каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Учурда үгүт өнөктүгү жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты