​Адахан Мадумаров: “Сот биздин сөзүбүздү далилдеди”

  • 4 года мурун

Бишкек шаардык административдик соту “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызын канааттандыргандан кийин партиянын лидери Адахан Мадумаров журналисттерге бул окуяны комментарийледи:

-Биз ушул кезге чейин айтып келген Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн ыйгарым укуктарынан чыгып кетти, саясий иштер менен алек болуп, мыйзамды карабай калды деген сөзүбүздү азыр сот толугу менен далилдеди, мойнуна коюп берди, -деди Мадумаров.

Ал ошондой эле колдоочуларына ыраазылык билдирди:

-Мен сырттагы биздин колдоочуларга, Кыргызстандын бардык булуң-бурчунда, Россияда иштеп жүргөн кыргыздарга терең таазим этип, ыраазычылык билдирем. Суу ичпей,тамак жебей 9-10 саат туруунун өзү Кыргызстан жарандарынын конституциялык укугун кайра колуна алуу ышкы күчтүү экенин, элдин үнү каалаган жерге жеткире ала турганын далилдегени үчүн мен терең ыраазычылык билдирем.

Боршайком 3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. Боршайкомдун чечими менен «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыратылган.

«Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалап, сотко кайрылган.

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылы 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлык чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты