​“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын БШКга доосу сотто каралууда

  • 4 года мурун

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого каттабай койгондугуна байланыштуу БШКга доосу Бишкек шаардык административдик сотунда каралууда.

Сотто БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова күбө катары көрсөтмө берип, БШКнын алгачкы чечимидолбоорунда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясын каттоо тууралуу айтылгандыгын, бирок тыныгуу учурунда ал чечим өзгөрүлүп, каттабоо чечими сунуш кылынганын билдирди.

Атыр Абдрахматова БШК чыгарган чечимдин кагаз түрүндөгү вариантын эмдигиче ала электигин айтты.

Партиянын талапташтары соттун эшигинин алдында митинг өткөрүп, адилеттүүлүктү талап кылууда.

Боршайком 3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. Боршайкомдун чечими менен «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыратылган. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалап, сотко кайрыла турган болгон.

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылы 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлык чыккан.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты