​Баш прокуратура: Шайлоого байланыштуу 22 мыйзам бузуу катталган

Шайлоого даярдануу мезгилинде жалпысынан республика боюнча кылмыштар жана жоруктар реестрине 22 материал катталып, ички иштер органдары тарабынан каралууда.

Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Баш прокуратура жалпыга маалымдоо каражаттарына жүргүзүлүп жаткан мониторингде негизинен шайлоо документтерин бурмалоого (Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 195-бер.), административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу (Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө Кодексинин 87-1-бер.), шайлоочуларды сатып алуу (Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 192-бер.) жана шайлоочунун акчалай каражаттарды жана материалдык баалуулуктарды алуусу (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 42-3-бер.) жөнүндө мыйзам бузуулар көрсөтүлгөнөн белгиледи.

Башкы прокуратура ошондой эле кимдерге үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынарын атап кетти:

Алар:

-мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер;

— мамлекеттик саясий кызматтарды ээлеген адамдар;

— атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдар;

-шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү;

-байкоочулар:

-эл аралык байкоочулар;

-диний ишмерлер;

— кайрымдуулук иштерин жүргүзгөн уюмдардын уюштуруучулары жана мүчөлөрү:

— 18 жашка чыга элек адамдар:

— чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар;

— жарандыгы жоктор үгүт жүргүзүүгө жана ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана жайылтууга укугу жок экендигин маалымдайт.

Шайлоо алдындагы үгүттөө кампаниясында төмөнкүлөргө: улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды басмырлоого, кастыкка чакырган үгүттөө; же бийликти басып алууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга багытталган чакырыктарга тыюу салынгандыгына көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Башкы прокуратура шайлоочулардын добушун кандай түрдө болбосун сатып алууга тыюу салынарын эскертти.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты