БШК соцтүйүндөгү саясий жарнама боюнча Facebook менен кызматташа баштады

  • 4 года мурун

Бардык саясий жарнама жана коомдук мааниге ээ маселелерге, шайлоого же саясатка байланышкан жарнама Facebook китепканасына топтолот.

Бул тууралуу БШК жана Facebook өкүлдөрүнүн 7-августтагы жолугушуусунда белгилүү болду.

Facebook өкүлдөрү колдонуучуларды идентификациялоого байланыштуу саясаты тууралуу маалымдап, мында кайсы аккаунтта кандай адам катталгандыгы так белгилүү боло тургандыгын айтышты.

Бардык саясий жарнама www.facebook.com/ads/library/report дарегинде жайгашкан жана коомдук мааниге ээ маселелерге, шайлоого же саясатка байланышкан жарнама китепканасына топтолот.

Азыркы тапта Кыргызстан боюнча китепканада 879 жарыя бар, аларга жалпысынан $3 737 каражат жумшалган. Китепканада ошондой эле жарнамага акы төлөгөн жеке инсандар менен партиялар жөнүндө маалымат да чагылдырылат.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова Facebook менен кызматташуунун маанилүү экендигин белгиледи:

-Facebook тарабынан саясий жарнамалар жайгаштырылып жаткан аккаунттарды верификациялоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар Фейсбуктун шайлоонун таза өтүшүнө кошуп жаткан салымы деп эсептейбиз, -деди ал.

-Бул тигил же бул партиянын же талапкердин саясий жарнамасын каржылоонун ачык-айкындуулугуна көз салууга мүмкүнчүлүк берет.Партиялар, өз кезегинде, верификация жол-жоболорунан өтөт, бул болсо алардын фейк аккаунттарга каршы күрөшүнө жардам берет».

«Социалдык түйүндөр шайлоо кампаниясын өткөрүүдө маанилүү роль ойноодо. Ушул маселени жөнгө салган эл аралык стандарттардын жок экендигине байланыштуу Facebook социалдык түйүнү акы төлөнүүчү саясий жарнаманы каржылоонун ачык-айкындуулугун камсыздоо жана шайлоочуга мындай жарнаманы каржылоо булактары тууралуу толук маалымат берүү боюнча өз саясатын ишке киргизүүдө. Бул, албетте, шайлоочунун аң-сезимдүү тандоо жасашына көмөкчү болот, — деп белгиледи БУУӨПтүн шайлоо боюнча улук кеңешчиси Юлия Шипилова.

КР БШК төрайымынын “тынч күнү” (“день тишины”) АКШ Президентин шайлоодо колдонула турган саясаттын мисалы боюнча Facebook платформасында саясий жарнаманы жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюу мүмкүндүгү тууралуу суроосуна Facebook өкүлдөрү бул жаңы саясат экендигин жана азырынча АКШ аймагында гана колдонула тургандыгын, бирок Кыргызстан расмий түрдө суроо-талап менен кайрыла турган болсо, бул маселени карап көрүүгө даяр экендиктерин маалымдашты.

Бул тууралуу БШК маалымат кызматы билдирди.

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылы 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлык чыккан.

Сүрөт: БШК маалымат кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты