Кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» өткөрмө бекети иштей баштады

  • 4 года мурун

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Каркыра» көзөмөлөткөрмө бекети 7-сентябрдан тартып кайра иштей баштады.

Кыргызстандын чек ара кызматы кабарлагандай, өткөрмө бекети саат 8:00дөн 18:00гө чейин ачык болот.

«Каркыра» өткөрмө бекетинен адамдар, транспорт каражаттары, жүк, товарлар жана жаныбарлар өткөрүлөт. «Каркыра» бекети Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан. Өткөрмө бекети 2020-жылдан баштап жыл бою иштей турган режимге өткөн.

Мамлекеттик чек ара кызматы бекетте электрондук виза боюнча эч ким өткөрүлбөй турганын эскертти. Ошондой эле Казакстанга барарда адамдар казак тараптагы эпидемиологиялык абалды жана чет өлкөлүктөргө киргизилген чектөөлөрдү эске алышы керек.

Казакстан пандемиядагы чектөөлөргө байланыштуу кыргыз жарандарына атайын уруксаты болбосо чек арадан өтүүгө уруксат бере элек.

Коңшу өлкөгө ооруканага бараткандар, дипломаттар, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен атайын уруксат алган адамдар гана кире алат.

Кыргыз-казак чек арасында «Чалдыбар», «Ак-Тилек», «Кең-Булуң», «Чоң-Капка», «Каркыра» бекеттери иштеп жатат. Жалпысынан эки өлкөнүн ортосунда 12 өткөрмө бекет бар. Анын ичинен беш автоунаа жана бир темир жол өткөрмө жайы иштейт.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты