«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын БШКга доосу боюнча сот өтүүдө

  • 4 года мурун

Бишкек шаардык административдик сотунда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы доо арызы каралууда.

Сот алдында “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын талапкерлеринин митинги өтүүдө. Алар соттон БШКнын чечимин четке кагууну талап кылышууда.

Боршайком 3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. Боршайкомдун чечими менен «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыратылган. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалап, сотко кайрыла турган болгон.

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылы 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлык чыккан.

Сүрөт: «ПолитКлиника» мелиасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты