Жээнбеков: “Бүтүн Кыргызстан” партиясын шайлоого катыштырбай коюу кырдаалдын курчушуна шарт түзүүдө”

  • 4 года мурун

Камактагы оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков бийлик “Бүтүн Кыргызстан” партиясына шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк бериши керек деп билдирүү жасады.

— Борбордук шайлоо комиссиясынын партиянын тизмесиндеги каталарга жасаган шилтемеси орунсуз деп эсептейм. Мындай кемчиликтер башка көптөгөн, өзгөчө бийликчил, партияларда бар.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясын Жогорку Кеңешке шайлоого катыштырбай коюу менен, Ак Үй протесттик потенциалды көчөгө багыттап жатат жана өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна шарт түзүүдө, деп билдирүү жасады Равшан Жээнбеков.

12 –декабрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков камакка алынган.

Боршайком 3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. Боршайкомдун чечими менен «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыратылган. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалап, сотко кайрыла турган болгон.

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылы 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлык чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты