​Шайлоого карата Россиядагы Кыргызстан элчилиги иштөө убактысын узартты

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого даярданууда Кыргыз Республикасынын Москва шаарында жайгашкан Россиядагы элчилиги иштөө убагын дем алыш күндөрдү кошо алганда саат 21:00гө чейин узартты.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Чет өлкөлөрдө убактылуу жашаган же жүргөн Кыргызсьандын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо боюнча БШКнын жумушчу тобу Россияда жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу максатында 19-сентбярга чейин дем алыш көндөрүн кошо алганда Россиядагы элчиликтин иштөө убактысы саат 21:00 ге чейин узартылганын билдирди.

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылы 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлык чыккан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты