​Жээнбеков: “Шайлоо туура эмес өтөт деп, элди көчөгө чыкканга даярдангыла деген күчтөр бар»

  • 4 года мурун

Сооронбай Жээнбеков “Биринчи радиого” берген маегинде парламенттик шайлоого байланышттуу коомчулукта ар кандай кооптонуулар бар экендигин да белгилеп кетти.

-Шайлоо туура эмес өтөт деп шек санагандар да бар. Эмитен эле шайлоо туура эмес өтөт деп элдин оюна сиңиргенге аракет кылган күчтөр бар. Эмитен эле шайлоо туура эмес өтөт деп, элди көчөгө чыкканга даярдангыла деген да күчтөр бар. Анын баарын көрүп турабыз.

Дагы айтып коюшум керек — Президент катары мен тараптан, Президенттин аппараты тарабынан бардыгына бирдей мамиле болот. Бардык мамлекеттик органдарга бирдей талап болот. Келип бюллетень таштайм, шайлайм деген ар бир адамга тоскоолдуксуз оюн билдиргенге шарт түзүп беребиз, — деп баса белгиледи мамлекет башчы.

Президент ошол эски адат менен, ушул шайлоонун эпкини менен тынчтыкты буза албаса да, учурдан пайдаланып, кырдаалды чайпап жибергиси келгендер да бар экенин ачык айтты.

-Андайларга алдын ала чаралар көрүлө турганын кечээ жакында Коопсуздук кеңеште да так кесе айтылды. Чечим кабыл алып, анда да так, даана жазылды. Мен да катуу талап койдум.

Шайлоо процессине катыша турган бардык тараптар үчүн бул алдын ала кагылган коңгуроо деп түшүнсө болот, -деди Президент.

Жогорку Кеңеш депутаттыгына шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты