Коронавирустан көз жумган 18 медиктин үй-бүлөсүнө компенсация төлөнүп берилди

  • 4 года мурун

Коронавирустан кайтыш болгон 18 медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон компенсация төлөнүп берилди. Бул тууралуу 4-сентябрда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Бардыгы болуп 34 учур каралып, иликтенүүдө. Медиктердин өлүмү катталган мекемелерде атайын түзүлгөн комиссия иштеп жатат», — деди Үсөнбаев.

Буга чейин штаб республика боюнча 30-июлга карата коронавирус инфекциясынан 73 медицина кызматкери, алардын ичинен 44 дарыгер кайтыш болгонун кабарлаган.

Мындан тышкары кызмат учурунда илдетке чалдыккан медиктерге 200 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүү үчүн документтер каралууда.

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде медиктердин арасынан коронавирус жуктурган 9 учур катталды. COVID-19 илдети жайылгандан бери жалпысынан 3145 медицина кызматкери вирус жуктуруп алды, 2533ү айыкты.

Буга чейин өкмөт коронавирус жуктуруп алган медиктерге 200 миң сом, каза тапкандарга 1 миллион сом компенсация төлөөгө убада берген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты