Кытайда стипендиялык программа менен акысыз билим алып жаткан Жуманазардын баяны

.

Кытайда стипендиялык программа менен акысыз билим алып жаткан Жуманазардын баяны

Конфуций эл аралык прграммасы Кытайга чет өлкөлүк студенттер үчүн Цзинань шаарындагы Шандун педогогикалык университетинде окуу мүмүкүнчүлүгүн берет. Аталган программа аркылуу акысыз билим алып жаткан Жуманазар Саттаровдун баяны.

Конфуций эл аралык программасы аркылуу Шандун педагогигикалык университетине өтүү үчүн талаптар:
1. Чет өлкөлүк жаран болуш керек ( Кытайдын жарандыгы жарабайт);

2. Англис тилин же Кытай тилин билүүсү шарт;

3. Жашы 16-35 жашка чейин болуш керек;

4. Ден соолугу окууга тоскоолдук жаратпаш керек;

5. Бакалаврга тапшыруу үчүн орто мектепти бүткөндүгү тууралуу тастыктоочу документтер керек, 20 жаштан ашпаш керек;

6. Магистратурага тапшыруу үчүн 40 жаштан ашпаш керек;

7. Окуудагы жетишкендиктер жогору болуш керек (сертификат, диплом,грамота жана башка).

Мүмкүнчүлүктөрү:

1. Шандун педагогикалык университетинде бекер билим ала алышат;

2. Жатакана берилет, бул мүмкүнчүлүктү пайдалангысы келбеген студенттер өз алдынча батир жалдап чыга алышат ( батирдин акчасы каржыланбайт жана тамак аш камсыздалбайт);

3. Ай сайын төлөнүүчү стипендия:

•Бакалавр үчүн 25000 сом;

•Магистратура — 30000 сом.

4. Студенттердин ден соолугу камсыздандырууга алынат;

5. Кошумча маалыматты http://www.cie.sdnu.edu.cn/index.htm сайтынан ала аласыздар.

Бул программа аркылуу Кытайдагы Цзинань шаарында стипендиялык программа менен билим алып жаткан, 20 жаштагы Жуманазар Сатаров.

Жуманазар Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Голбо айылында 2000-жылы туулган. Үй бүлөдө төрт бир туугандын кичүүсү. Учурда Кытай мамлекетинин Цзинань шаарында стипендиялык программасы боюнча билим алып жаткан студенттердин бири.

«Биринчи Кытайга барып курстан окудум»

– Кытай мамлекетиндеги Конфуций эл аралык программасы аркылуу Шандун педагогикалык университетинде кытай тили факультетинде билим алам. Бул жакка тапшырып калганымдын себеби, мен кичине кезимде эле чет өлкөдө билим алгым келчү, ушул программага тапшырып орунга илинип калып, бала кезимдеги кыялымды орундатып жатам.

– Мен окууну 2017-жылы аяктадым. Бирок ошол эле жылы Кытайга бакалаврга тапшыра албадым. Кытай тилин билбегендиктен SilkRoad компаниясы биздин айылга экзамен алганы келип, ошондон бир жылдык курска өтүп кеттим. Кытайда Jiaxin Universityге деген кытай тилин үйрөтүүчү курста окудум. Негизи бир жылдык окуу курсунда стипендия, жатаканага деп акча төлөнбөйт, мен өзүм бир жылга жатаканага 20 миң сом төлөгөм.

«Дароо окууга тапшыра албадым»

– Жарым жыл ичинде HSK деген кытай тилинен 4 деңгээлди ең жакшы тапшырдым. Ошол эле жылы документтерди чогултуп, дагы башка университетке тапшыргам, бирок тажрыйбам аз болуп, өткөн эмесмин. Ал жактан бир жыл кытай тили боюнча курстан окуган соң Бишкекке келип, «Текстиль» компаниясында 8 ай эмгектендим. Ошол эле учурда HSK 5, HSK деген6 деңгээлди дагы тапшырганга жетиштим.

– Кийин үй- бүлөлүк шартка байланыштуу Москвага сапар тарттым, ал жакта сатуучу дүкөндөрдүн биринде котормочу болуп иштеп жүрдүм. Андан келип Конфуций программасына тапшырууну чечтим. Буга тапшырып, Кытайга окууга кетем дегенде үйдөгүлөр каршы болушту, «Кыргызстандан эле оку, ал жакка барып эмне кыласың» деп айтышты, бирок оюмдан кайткан жокмун, тапшырып окууга өттүм.

– Тапшыруу процесси оңой болгон жок, беш тур болду. Биринчи турда программага регистрациядан өттүм, экинчисинде мугалимдер менен онлайн интервью болду, үчүнчүсү Конфуций программасына кайра регистрациядан өттүм, төртүнчү турда Кытайдагы университетке регистрация кылдым, бешинчисинде грантка тандап алды. Университетке өткөнүмдү укканда аябай сүйүндүм, үй-бүлөм башында каршы чыгып, кийин макул болушту. Кытайга барганга жол кире өзүмдөн кетти, баш аягы 300 доллардын тегерегинде сарпталды.

«Ар бир мүнөттү туура колдоно билүү абдан маанилүү»

– Азыркы учурда 2- курста окуйм. Бул жакка келгенде ар бир мүнөт маанилүү экенин түшүндүм, себеби бул жакка келгенден кийин дагы деле тилден кыйналып жүрдүм. Кыйынчылыктар дагы абдан көп болду. Жаңы келгенде сабактан кийин шаардан адашып кетип, үйдү таппай кайра кечки 12де жөө университетке келгем. Тамактарына көнө албай жаттым, аябай ачуу тамакты жешет. Менталитети биздикинен бир топ айырмаланат. Баарынан дагы таң калганым 2ден ашык балалуу болгонго тыюу салыныптыр. Турмуш курганда болсо кыздар 28 жашка чейин, балдар 30 жашка чейин үй бүлө куруш керек экен.

«Башка мамлекеттен келген студенттер үчүн бардык шарттар каралган»

– Мугалимдери сабактарды аябай жакшы түшүндүрөт, окуу жеңил, тажрыйбалуу мугалимдер иштешет көбүнчө. Башка мамлекеткеттен келген студенттерге жатакана , стипендия төлөнөт. Ар бир бөлмөгө 2 гана студент жатат, уруксат алып кааласа жалгыз жатса да болот. Мен ошол жатаканада турам, 25 миң сом стипендия алам айына.

«Жаштарга айтаарым Кыргызстан менен эле чектелбегиле»

– Өлкөбүздө көптөгөн жаштар өзүн-өзү өнүктүрө албай келишет, анын себеби убакытты туура пайдалана алышпайт. Кийинки муундагы жаштарга айтарым, дайыма бир жаңы нерсеге умтулуп турушса абдан жакшы. Кыргызстан менен эле чектелбей, колдон келсе башка өлкөгө чыгып, ал жактын дагы менталитеттин көрүшсө өзүн өнүктүргөнгө жакшы нерсе. Башында кыйналышат, бирок акырындык менен баары ордуна келет, эң негизгиси өзүнө ишеним керек.


«Келечекте Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошсом дейм»

– Бул жакта окуумду ийгиликтүү аяктап, Кыргызстанга барып котормочу болуп иштеп өзүмдүн жеке ишимди ачсам дейм. Мекенимдин өнүгүшүнө салым кошсом деген оюм бар. Кытай мамлекети аябай өнүккөн мамлекет, мен дагы Кыргызстандын ушундай болуп өнүгүшүн каалайт элем.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты