Камактагы Равшан Жээнбеков саясий партияларга кайрылуу жасады

  • 4 года мурун

Камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков кайрылуусунда саясий партиялар бийликтин добуш сатып алуу, административдик ресурсту, укук коргоо органдарын, сотту жана БШКны өз кызыкчылыгына пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнө каршы турушу керектигин белгиледи.

“Бүгүн өлкөдө оор социалдык-экономикалык, саясий абал түзүлдү. Бийлик пандемия менен күрөшүүдө шалаакылыгын көргөздү. Үч жыл ичинде бир дагы реформа жасалган жок. Экономика 10%га төмөндөдү. Тышкы карыз 5 млрд долларга жетти. Ар бир 5-кыргыз жараны жумушсуз. Жакырчылыктын деңгээли 35%га көтөрүлдү. Орточо айлык акы дүйнөдө эң төмөн деңгээлде. Чек ара маселелери чечилген жок. Элдин бийликке болгон ишеними эң төмөн экенин социалдык изилдөөлөр көргөзүүдө. Нааразылык күчөп, күчтүү протесттик электорат жаралды” деп белгиледи.

Равшан Жээнбеков андан ары саясий партияларга кайрылды:

“Бардык эгемендүү жана оппозициялык “Реформа”, “Бир Бол”, “Мекенчил”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Социал-демократтар”, “Ата Мекен”, “Республика”, “Чоң Казат”, “Ордо” жана башка партиялар, өз партияларынын гана кызыкчылыктарына иштебестен, бийликтин добуш сатып алуу, административдик ресурсту, укук коргоо органдарын, сотту жана БШКны өз кызыкчылыгына пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнө каршы туруу жана шайлоо таза өтпөсө шайлоо жыйынтыгын тааныбоо маселелерин камтышы зарыл, -деп белгиледи Равшан Жээнбеков.

12 –декабрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков камакка алынган.

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылы 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлык чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты