16 жыл мектепте директор болуп жүрүп шырдакчылык өнөрдү баштаган Тоюнбүбү Аманова

.

Ишкер айым
16 жыл мектепте директор болуп жүрүп шырдакчылык өнөрдү баштаган Тоюнбүбү Аманова

Көп жыл мектепте директор болуп эмгектенип, андан соң айылдагы апаларды чогултуп, шырдакчылык өнөргө өткөн Тоюнбүбү апа жөнүндө баяндайбыз.

Тоюнбүбү Аманова Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында төрөгөн. Ошол айылдагы мектепти, Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн.
Окууну бүткөн соң өзүнүн эле айылына мугалим болуп орношуп, ошол эле айылга турмушка чыккан. Мектепте алгач мугалим болуп эмгектенип, андан кийин 16 жыл директорлук кызматты аркалаган.

Өнөрдү таежесинен үйрөнгөн


— Төрөлгөндөн тарта улуттук буюм-тайымдардын жасалышын көрүп чоңойдук. Илгертен эле ата-энебиз кийизчилик менен алектенген. Чоң энем топоздун, төөнүн жүнүнөн деп түрү менен ийик ийрип, өзүнүн чоң чемоданына сактап койчу. Дайыма гезитти бетине коюп алып жүндү жууп, тытып отурчу. Биз энеме жүн жуушуп жардам берчүбүз.

Тай жагыбызда дагы ушундай өнөр бар. Таежем эжем белгилүү уз, шырдакчы болгон. Кийиздерди сапаттуу жасап, дизайнерлик өнөрү дагы күчтүү эле. Айылдагы кишилердин кийизин оюп, шырдак жасагандарга дизайнын чийип берип, шырдакчылык менен алектенчү. Илгери партиянын съезд, конференция залдарын кооздогон жумушта иштеди. Ал таежемдин Мөөкан деген кошунасы бар эле, ал эже дагы шырдакты укмуш жасачу, залды кооздогонго ошонун жасаган шырдактарын алып кетчү экен кээде. 1980-жылдардын башында Динара Турсунбаева деген белгилүү сурөтчү ошол шырдакты көрүп калып, сүрөткө тартып алып, биздин айылга издеп келиптир ээсин.

Мен ушул айылга эле турмушка чыккандыктан Ача-Кайындынын биринчи эле көчөсүндө турчубуз. Турсунбаева кайын атама жолугуп «ушул шырдактын ээсин билесиңерби, ушул айылдыкпы?» десе анан ал киши «бул менин кудагыйым болот» деп алып барган. Ошол жылдардан баштап Динара Турсунбаева айылга бат-бат келип таежемдин, Мөөкан эженин өнөрүнө кызыга баштады. Ал эже дагы «кол өнөрчүлүктү канткенде эл аралык деңгээлге алып чыгам» деп жүргөн учуру экен. Ошондон баштап эле эжемдин шырдактарын музейлерге алып барып, «ушул шырдактын мекени Ат-Башы экен, бул шырдактарды жыртыла электе эле иттин алдына салып, көңдүн үстүнө жаап коюп кор кылат экенсиңер, мындай кылбаш керек» деп келип-кеткен сайын айтып жатты.

«Директор болуп жүрүп шырдакчы болгондон намыстандым»

— Ал учурда мен мектепте иштеп жүргөндө Турсунбаева эже менен таанышып калдым. Ал эже мага «таежең карып баратат, кол өнөрчүлүгүн алып калыш керек» деп айта баштады. Мен намыстанып, «Динара, мен ушул айылдык болсом, 10 жылдан ашык директор болуп иштеп жүрсөм, пенсияга кандай чыгам» деп болбой, намыстандым. «Директор болуп жүрүп шырдакчы болуп кетиптир» деген кеп чыгат деп ар кайсы шылтоону айтып коем. «Пенсияга чыгайын, анан долбоорлор менен иштеп кетем, анан кол өнөрчүлүккө барам» деп эле жүрдүм. Бирок, 2-3 күндүк тренингдерге катыштырып, мени даярдаптыр. Ошентип жүрүп, пенсияга чыктым.

«15 аялдан турган топ түздүк»

— Пенсияга чыкканга чейин таежемдин шырдактары, сувенирлери сатылып буйрутма ала баштаган. Эжем өзү дагы Швейцарияга барып келди, кыздары дагы жардам берди, анан кошумча киреше жөнүндө түшүнүк болуп калды. Дагы кандай кылып жасасак деп ойлоно баштадык. Элет жериндеги кол өнөрчүлөрдү колдоону максат кылган долбоорго катышуу үчүн 2000-жылы «Чебер колдор коомдук бирикмеси» деген группа түздүк. Ал группага социалдык жардамга муктаж, кол өнөрчүлүк менен алектенип, бирок аны сыртка чыгара албай жүргөндөрдү тандап алдым. Ал группабыз азыр деле бар, алардын ичинен үчөө атайын шырдак жасоо боюнча ЮНЕСКОнун сертификатын алышкан.

«Чет мамлекеттеги долбоорлорго чейин барып келдик»

— Жарманкелерге катышып жүрдүк. Эжем каза болуп калгандан кийин, группанын жетекчиси болуп калдым. «Элет жериндеги кол өнөрчүлөрдү колдоо» деген АКШнын долбоору менен 5 жыл иштедик. Бул бүткөндөн кийин жерде калбасын деп «Ага хан» фонду колдой баштады, аны менен дагы 5 жыл иштедик. Бул жалаң эле шырдак жасаганды эмес, сувенир, тапичке, баш кийим жасаганды дагы үйрөттү. Булардын баары жүндөн жасалчу. Ошол буюмдар менен көп сынактарга катыштык.

Жыл сайын Венгрияда Дүйнөлүк кол өнөр көргөзмөсү болот. Ошого дайыма катышып келебиз. Башка дагы Германия, Казакстан, Түркия, Тажикстанга чейин барып келдик. Азыр өз алдынча буйрутма алабыз. Интернет өнүгүп калбадыбы, ошол жакка эле жүктөп, буйрутма ала беребиз.

«Айына 3-4 буйрутма түшөт»

— Пандемия ишибизди үзгүлтүккө учуратты. Алты айдан бери тынчып калдык, бирок үйдөгү калдык кийиздерди жасап, майда жумуштар менен алек болуп калдык.

Бир жылдык кирешебиз жакшы эле. Диаметри 11 метр болгон шырдактарды дагы жасайбыз, анын салмагы 300 кг болот. Айына майда буюмдарды кошпогондо 3-4 шырдак буйрутма түшөт, көбүнчө чет өлкөдөн буйрутма беришет.

2019-жылдын жай айынан баштап кышка чейин Франция менен иштештик. Алар боёк шырдактарга көбүрөөк басым жасашат.

Буйрутма алганда шырдактын квадрат метрин 4 миң сомдон жасайбыз. Ары-бери өткөн туристтер «Кытайга өтүп бараттык эле» деп алып кетишет. Туристтик компаниялар менен дагы иштешип калабыз.

Нарында дагы туристтерди кабыл алуучу «Хан-Теңир» деген жай бар. Ошол жакта Нарын боюнча жети топ болуп, Хан-Теңирдин жетекчиси демөөрчүлүк кылып, буюмдарыбызды саткан дүкөн ачканбыз.

«Кыргызстандагы фестивалдарга коюлган буюмдарды көрүп уялам»

— Чет өлкөгө көргөзмөгө көп баргандыктан, айылдаштарым дагы өздөрү жасаган буюмдарды «ала кетчи» деп берип коюшат. Аны көргөзмөгө алып чыккандан уяласың. Башка өлкөдөгүлөр кычыратып жасап келишет. Анан көңүлдөрүнө карап эле ала кетебиз. Тигил жакка алып барганда уялабыз, ушундай дагы окуялар болот. Кыргызстандын эле ичиндеги фестивалдарга дагы барып жүрөм. Башка мамлекеттикине салыштырмалуу, алмак тургай өтпөгөн оокаттарды коюп коюшат. Мен аларды көрүп, туристтерден уялам. Айтайын деп «жаман ойлоп калабы» деп оозум барбайт.

«Кийинки муундарыбыз ушул шырдактарды баркташса дейм»

— Азыркы жаштарыбыз жалкоо. Энелер «кыздарыма берейин, бул менин буюмум эле, келиниме өткөрүп берейин» десе эле көзү өтүп кетери менен «ай муну сатып бериңизчи, кайын энемдики эле» дей башташат. Андай кылбай баалаш керек да. Мисалы, мен 65 жашка чыктым, 10-класс кезимде апам өзүмө кошо шырытып, сепке даярдаган шырдак бар эле, ошону конок келээрде эле салып аябай барктайм. Кыздарыма дагы жасайм алар «апа мен ушуну барктайм, бирок сизчелик түйшүк тарткым келбейт» дешет. Жаштардын баарын эле жалкоо дебейм, арасында иштемчил, үйүнө кирсең буюмун укмуш жасаган жаштар деле бар. Аларга айтаарым — жалкоо болбой кыргыздын улуттук буюмдарын улантып, жасап кетишсе абдан жакшы боло эле.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты