Камактагы Алмазбек Атамбаев Батукаевдин иши боюнча билдирүү жасады

  • 4 года мурун

Абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Батукаевдин иши боюнча билдирүү жасады.

Билдирүүдө мындай деп айтылат:

-2011-жылдан тартып мен Президент катары кылмышкер Жаныш Бакиевди өлкөбүзгө алып келүү боюнча бардык чараларды көрүп жаттым. Билесиздер, Жаныш Бакиевдин кылмыштуу буйруктарынын жана иш-аракеттеринин натыйжасында 2010-жылдын 7-апрелинде 80ден ашык күнөөсүз жаран каза таап, миүге жакын адам жарат алган.

Ал кандуу күндөн кийин өткөн 10 жылдын ичинде ошол жарат алган жарандардын да 80ге жакыны кайтыш болду.

“Батукаевдин ишинин” маңызы төмөндөгүдөй:

2012-жылы пландалган УКМКнын операциясынын натыйжасында Жаныш Бакиев Кыргызстанга алынып келинмек. Операцияны башкарууну мен анын демилгечисине, УКМКнын ошол кездеги төрагасына тапшыргам. Мунун баары кылмыш ишинин материалдарында бар. Бирок ал материалдарда жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүндө менин тарабымдан жасалган коррупциялык же башка кандайдыр бир мыйзамсыз иш-аракеттер жөнүндө бир да факты жок. Болушу да мүмкүн эмес. Анткени менин алдымда бир гана максат болчу, ондогон адамдардын өлүмүнө күнөөлүү болгон Жаныш Бакиевди жоопко тартуу, -деп айтылат билдирүүдө.

Алмазбек Атамбаев Жаныш Бакиевди жоопко тартуу боюнча УКМКнын операциясын колдоп бергени үчүн аны 11 жылга түрмөгө отургузушканын белгиледи.

Быйыл 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл, эки айга эркинен ажыраткан.

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлигинин (тергөө кызматы 2019-жылдын январында кайра иликтей баштап, сентябрь айында мыйзамга шайкештигин текшериш үчүн Башкы прокуратурага жөнөткөн. Сотко иш ошол жылдын октябрында өткөн.

ИИМ бул иш жазык кодексинин «Коррупция» беренесинин негизинде тергелгенин, шектүү 19 адамдын 14ү тергөө менен кызматташууга макул болгонун, иш 451 томдон турарын кабарлаган. Свердлов райондук соту тергөө менен кызматташкандардын алтооно 260 миң сомдон, төртөөнө 300 миң сомдон айып салган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты