​COVID-19: 78 учуру катталды

  • 4 года мурун

2-сентябрдагы маалыматта өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 78 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 23;
Ош – 1;
Чүй облусу – 10;
Ош облусу — 3;
Нарын облусу – 5;
Ысык-Көл облусу – 11;
Жалал-Абад облусу – 13;
Баткен облусу — 12.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер коронавирус жуктуруп алганы катталган жок. 9 медкызматкер айыгып чыкты.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 44 036га жетти.

246 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 38 895 ке жетти.

Каза болгондо катталган жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты