Активисттер Жогорку соттун «Кыргызстан» партиясы боюнча чечимине нааразылык билдиришти

  • 4 года мурун

Жогорку соттун «Кыргызстан» партиясынын иши боюнча чечимине нааразы кишилер Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратына жөө жүрүш жасашты.

Акциянын айрым катышуучулары БШКнын чечимин колдоп, сот адилетсиз чечим чыгарганын айтышты. Алардын арасында «Чон Казат» партиясы да бар.

Жогорку сот 1-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) «Кыргызстан» партиясы боюнча Бишкектин административдик сотунун чечимине каршы кассациялык арызын карап, күчүндө калтырды. Чечим дароо күчүнө кирет, үстүнөн арызданууга болбойт.

Борбордук шайлоо комиссиясы 24-августта 17 партия эрежелерди аткарганын жана катталганын билдирген. Бирок документ тапшырууда «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта кайра кайтарылган.

27-августта, “Кыргызстан” партиясынын доо арызы Бишкек шаарынын административдик сотунда каралды. Сот «Кыргызстан» саясий партиясын шайлоого катыштыруу чечимин кабыл алган.

28-августта Борбордук шайлоо комиссиясы «Кыргызстан» партиясы боюнча Бишкек шаардык административдик сотунун чечиминин үстүнөн кассациялык арыз берген.

Ошол эле жерде «Кыргызстан» партиясынын да бир нече тарапташтары акцияга чыгып, «таза шайлоо» деп кыйкырып турушту.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты