Жогорку Кеңештин ачылып-жабылган жыйыны. Чыныбай Турсунбековсуз

  • 4 года мурун

Бүгүн, 1-сентябрда, Жогорку Кеңештин каникулдан кийинки жалпы жыйыны ачылды. Депутаттар комитеттерде иштемей болуп кетишти. Жалпы жыйын 3-сентябрда уланмакчы.

Айтайын дегенибиз -ачылып-жабылган жыйын жөнүндө эмес. Өткөн жолкусунда эле депутат болуп олтуруп, коронавирус пандемиясынан көз жумуп кеткен Чыныбай Турсунбековдун элесине таазим кылуу тууралуу.

Чыныбай Турсунбеков парламенттин бир канча чакырылышынын депутаты, эл эмес азыркы VI чакырылыштын спикери да болгон. Учурдагы спикер Дастанбек Жумабеков пандемиядан улам көзү өтүп кеткендерге, анын ичинде көзү өтүп кеткен депутаттын элесине таазим кылып, бир мүнөт эскерүү сунуштады.

«Урматтуу депутаттар! Бардыгыбызга белгилүү болгондой, дүйнөдөгү бүгүнкү пандемияга байланыштуу бир аз токтолуп кетсем, Ушул пандемия илдетинин артынан мекендештерибиз да кайтыш болуп кетти. Анын ичинде биздин кесиптешибиз да бар. Ошондуктан алардын туугандарына, үй-бүлөсүнө сиздердин атыңыздардан, өзүмдүн атыман терең кайгыруу менен көңүл айтуу менен бир мүнөттүк аза күтүүнү сунуштайт элем» деди.

Бирок төрага Чыныбай Турсунбековдун атын атап койгон жок. Аныктан биз окурмандарга Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты болгон Чыныбай Турсунбековдун эмгек жолун эске сала кетүүнү чечтик.

2020-жылдын 6-июлунда 59 жаш курагында Жогорку Кеңештин V-VI чакырылыштарынын депутаты, VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Турсунбеков Чыныбай Акунович каза болгон.

Ал 1960-жылдын 15-октябрында Нарын облусунун Нарын районунун Жан-Булак айылында төрөлгөн. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филология факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Чыныбай Турсунбеков эмгек жолун 1983-жылы «Кыргызстан» басмасынын саясий адабияттар редакциясында редактор, улук редактор кызматынан баштаган. 1989-1992-жылдары КМУУнун кыргыз филологиясы жана журналистикасы факультетинде окутуучу, ага окутуучу, декандын орун басары болуп иштеген. 1993-1994-жж. Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү, 1995-1997-жж. Түркиянын тышкы иштер министрлигинин алдында Кыргызстан боюнча адис, «Манас-1000» Мамлекеттик комитетине караштуу «Манас дастаны» филиалынын директору, «Азаттык» радиосунун Түркия боюнча кабарчысы болуп иштеген.

1997-2010-жылдары «Акун» ААК башкы директору; «Бишкекункомбинаты» ААКнын башкы директору; «Кереге» ААнын директорлор Кеңешинин төрагасы; КР Ишкерлер Биримдигинин Президенти; ДЕИК кыргыз-түрк ишкерлер кеңешинин теңтөрагасы кызматтарын аркалаган.

2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына депутат болуп шайланып, КСДПнын парламенттик фракциясын жетектеген. 2015-жылы Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты, Жогорку Кеңештин төрагасына шайланганга чейин КСДП парламенттик фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын лидери болгон.

2016-жылы 27- апрелде Турсунбеков Жогорку Кеңеш төрагасы болуп шайланган жана бул кызматта 2017-жылдын 25-октябрына чейин иштеген.

Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин төрагасы катары парламентаризмдин өнүгүүсүнө, эл аралык парламенттик байланыштардын жайылышына, эл аралык кызматташууга өзгөчө салым кошкон.

Ал филология илиминин кандидаты, СССР Жазуучулар жана СССР Журналисттер союзунун мүчөсү, чыгармачыл инсан катары үч поэтикалык жыйнактын автору болгон. «Жүрөктөгү жаңырык» (1985ж.), «Шаарда жоголгон сөз» (1991ж.), «Жалын тоо» (2014ж.) болгон. Үч тилде чыккан «Манас» эпосу боюнча көркөм сүрөт менен коштолгон альбомдун котормочусу болуп, түрк жазуучусу Нихат Атсыздын «Көк жалдардын өлүмү» романын, «Түрк дүйнөсүнүн адабияты» эки томдугун кыргыз тилине которгон. Республикалык ар түрдүү басма сөздөргө жарыяланган бир катар адабий жана сын макалалардын автору.

Чыныбай Турсунбеков активдүү позициясы жана экономикалык ишмердүүлүгү үчүн 1999-жылы «Жылдын мыкты бизнесмени» катары таанылган. 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган; 2003-жылы Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн «Даңк» медалы ыйгарылган. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматынын III класстагы Мамлекеттик кеңешчиси чинин алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты