​Бишкекте коомдук транспорт кадимки режимде иштей баштайт

  • 4 года мурун

1-сентябрдан баштап борбор шаардын коомдук транспорту — автобус, троллейбус жана кичи автобустар кайрадан эртең менен кечке чейин тыныгуусу жок иштей баштайт.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мэрия бардык жүргүнчүлөрдү санитардык эрежелерди сактоого жана беткап кийүүгө чакырат.

Ошондой эле, мэрия унаанын салонунда санитайзерлердин орнотулушун, нымдуу тазалоо жана дезинфекциялоо иштерин көзөмөлгө алат.

Буга чейин коронавирус пандемисынан улам Бишкекте коомдук транспорттун жүрүшүндө чектөө болуп, саат 11:00дөн 14:00гө тыныгуу болуп келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты