COVID-19: 78 учуру катталды

  • 4 года мурун

31-августтагы маалыматта өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 78 учуру катталганы белгилүү болду.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар

Бишкек — 18;
Ош – 1;
Чүй облусу – 10;
Ош облусу – 6;
Талас облусу — 2;
Нарын облусу – 4;
Ысык-Көл облусу – 14;
Жалал-Абад облусу – 11;
Баткен облусу — 12.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. 5 медкызматкер айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3133 учур катталды, алардын ичинен 2471 медкызматкер айыгып чыкты.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 43 989 ге жетти.

261 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 38 459га жетти.

Каза болгондор катталган жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты