​Жээнбеков: «Бүгүн мамлекетибиз үчүн улуу күн”

  • 4 года мурун

Бүгүн, 31-августта, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө карата майрамдык иш-чара өтүп жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктады.

-Бүгүн — биздин мамлекетибиз үчүн улуу күн.

Көз карандысыздыгыбыз — эң ыйык дөөлөтөбүз, эң бийик сыймыгыбыз.

Эгемендигибиз — ата-бабалар кылымдар бою күрөшүп, жанын берип, канын төгүп жүрүп бизге калтырган ыйык мурасыбыз.

Эркиндигибиз — ар бирибиздин жүрөгүбүздүн тереңинде жашай турган сезимибиз.

Улуулардан алып, урпактарга өткөрүп берчү аманатыбыз.

Мамлекетибиздин көз карандысыздыгын, элибиздин ынтымагын, жерибиздин бүтүндүгүн көзүбүздүн карегиндей коргоо — ар бирибиздин ыйык милдетибиз.

Быйыл, эгемендиктин жыйырма тогузунчу жылын, жалпы дүйнөнү каптаган пандемиянын учурунда белгилеп жатабыз.

Шартка жараша, жыл башында пландалган салтанатуу иш-чаралар болбой калды.

Эгемендүүлүк — бул эркин мамлекетте жашап жаткан эркин адамдардын — ар бирибиздин ички сезимибиздеги салтанат» деди Президент куттуктоосунда.

Cүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты