Коронавирустун 108 учуру аныкталды

  • 4 года мурун

30-августта айтылгандай, өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 108 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 17;
Ош – 2;
Чүй облусу – 11;
Ош облусу – 12;
Талас облусу — 6;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 10;
Жалал-Абад облусу – 33;
Баткен облусу — 16.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. 6 медкызматкер айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3131 учур катталды, алардын ичинен 2453 медкызматкер айыгып чыкты.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 43 820га жетти.

225 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 38 198 ге жетти.

Бир киши каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны 1059 болду. (Расмий кайра каралып, такталгандан кийин).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты