​БШК «Кыргызстан» партиясы боюнча Жогорку сотко кассациялык арыз берди

  • 4 года мурун

28-августта Борбордук шайлоо комиссиясы «Кыргызстан» партиясы боюнча Бишкек шаардык административдик сотунун чечиминин үстүнөн кассациялык арыз берди.

Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан” саясий партиясынын документтеринин кайтарылышын мыйзамдуу деп эсептейт.

Ошого байланыштуу Бишкек шаардык административдик сотунун 27-августтагы “Кыргызстан” партиясынын документтеринин талаптагыдай болбогондугунан жана партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү эмес киши тапшыргандыгынан улам кайтарылышын мыйзамсыз деп тапкандыгы менен макул эмес.

27-августта, “Кыргызстан” партиясынын доо арызы Бишкек шаарынын административдик сотунда каралды. Сот «Кыргызстан» саясий партиясын шайлоого катыштыруу чечимин кабыл алган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу «Кыргызстан» саясий партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин мүчүлүштүктөрдөн улам кайра кайтарган.

“Кыргызстан” партиясы БШК чечимине макул эместигин билдирип, сотко кайрылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты