​Кыргызстан: Ысык-Көлдүн жээгиндеги бизнес ээлери өлкө ичиндеги туристтердин эсебинен кармалууда

Коронавирус пандемиясынан улам чет элдик туристтерден кол үздүк. Ал эми ички туристтердин агымы өтө эле аз.

Макаланын түп нускасы CABAR.asia маалыматтык-аналитикалык порталында.

Быйыл Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде тынч. Коронавирустун жана чек аралардын жабылгандыгынан улам чет элдик туристтер келген жок, ал эми өлкө ичиндеги туристтер өтө эле аз. Пансионаттар жана конок үйлөрү жок дегенде бирөө келип эс алсын деп бааны төмөндөтүүдө.

Көлдүн түштүк жээгинде конок үйлөрдүн көбү бош. Жергиликтүү жашоочулар үчүн жай мезгили иштеп, кийинки жылга жеткидей каражат таап ала турган убак эле. Бирок быйыл жеткиликтүү акча табууга болбой турганы баарын тынчсыздандырат.

Коронавирус пандемиясы жаңы чындыктарга көнүүгө мажбур кылды — конок үйлөрү жана мейманканалар кардарларын дезинфекциялоонун бардык мүмкүнчүлүктөрү менен камсыз кылууга даяр. Өкмөт аларга бардык санитардык-эпидемиологиялык нормалар сакталганда гана иштөөгө уруксат берди.

Бирок жергиликтүү тургундар дүрбөлөңгө түшүп калбай, коргонуу каражаттарын колдонууга шашылышкан жок.

“Биз сезон убагында гана келебиз. Бул учурда тапкан кирешебиз балдарды мектепке даярдаганга, спорт секцияларына алып барганга, кийим-кечесин алып бергенге жетет. Бирок июнь айында жергиликтүү эс алуучулар да болгон эмес. Адатта Бишкектин ысыгынан качып келишчү, бирок азыр андай агым жок”, — дейт Кажы-Сайдагы конок үйдүн ээси Римма Алыбекова.

Анын айтымында, эс алууга көлү алыс жайгашкан Каракол, Жети-Өгүз сыяктуу коңшу айылдардын тургундары келишүүдө.

Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Тамга айылындагы боз үй шаарчасы коронавирустун айынан жабык турат.

Популярдуу туристтик жайларда мурдагыдай активдүүлүк жок. 28-июлда өткөн брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов июнь айында Ысык-Көл облусуна үч миң гана, ал эми 20-июлга карата 10 миң турист келгенин айтты.

Кадимки жай мезгили келе элек, бирок жергиликтүү эл өрүк, жашылча өстүрүп, үй чарбаларын иштетишет, мунун баары сатыкка коюлат. Бирок айылдын жашоочулары бийлик региондор аралык жүрүүгө тыюу салып, эч кандай соода болбой калабы деп тынчсызданышат. Мындай сценарий мүмкүн эмес, анткени акыркы күндөрү Ысык-Көл облусунда коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны кескин көбөйдү.

Өкмөт илдеттин жайылышын туристтердин агымы менен түшүндүрүүдө. Ар бир адам аймактын кире беришинде текшерилип жаткандыгына карабастан, айрым белгилер кийин пайда болот. Ысык-Көл облусунун ыктыярчылары ооруканаларда медициналык кызматкерлердин жетишсиздигин билдиришти.

Кафелер менен дүкөндөр бош калып, ар бир келген кардарды жылуу тосуп алышууда.

Алтынай дүкөндө сатуучу болуп иштейт. Ал азыр соода жай экенин, бирок жолдошунун тапкан акчасынан үмүттөнүп жатканын айтты. Жолдошунун туруктуу жумушу жана айлык акысы бар, ал эми дүкөндөн келген акча балдарынын керектөөлөрүнө жана майда-барат буюмдарга кетет.

— Өзүңүз көргөндөй, эч ким жок! Мурун май-июнь айларында эле чет өлкөлүктөр көп келишчү. Кыргызстандыктар үчүн бул айлар сезон эмес, ал эми чет элдиктер болсо тынч эс алып кеткенине ыңгайлуу учур экенин билишчү. Азыр болсо, ооба, баарына оор, – деп нааразы болду Кажы-Сайдагы кафе ээсинин кызы Наргиза Жумакадырова.

— Азыр кандай иштеп жатасыңар?

— Кандай десем… Күнүгө эртең мененки тамакты үч жолу, түшкү тамак – төрт жолу, кечки тамак – түнү бою, – деп тамашалап күлдү кыз.

Ал эми Тосор айылында ашлямфу саткан чакан кафенин ээси бул сезондо эшигин ачкан жок. Мурун ары-бери өткөн эс алуучулар же “Жомок” деп аталган каньонго кетип бараткандар бул жерге токтоп, тамактанып алышчу. Бирок бул жылы эч ким болгон жок.

Ушундай оор мезгилге карабастан, адамдар позитивдүү маанайды сактоого аракет кылышат. Коронавирус деп дүрбөлөңгө түшкөндөр жок, жай гана тынчсыздануу бар.

Каракол шаарынын тургундарынын айтымында, шаар абдан тынч. Дары-дармек жетишсиз болгондо, адамдар өзүлөрү акча чогултуп, мүмкүн болушунча керектүү нерселерин сатып алышууда. Көпчүлүк адамдар азыр эл абдан ынтымактуу экенин белгилешет.

Мисалы, Каракол шаарында мектеп бүтүрүүчүлөрү муктаждарга жардам берүү үчүн дары-дармек жана жеке коргонуу шаймандарга акча чогултушкан.

«Тамга айылында жашагандардын жарымы ооруп жатат, — деп айтып берди жергиликтүү дүкөндүн ээси, — баары тең тажашты. Эми оорудубу-ооруган жокпу – айырмасы канча? Баары бир ооруп чыгышыбыз керек. Ооруканага эч ким кайрылган жок. Кантип ал жакка барышат?.. Эгер орун жок болсо, албай жатышса… Тааныш аркылуу эле барып жатпаса… Оорукана дагы алыс, Покровкада. Эч ким анча алыс баргысы келбейт».

Дүкөндүн жанында кафе да жайгашыптыр, бирок эл менен байланышты азайтуу үчүн аны жаап салышкан. Ал эми дүкөндө болсо ар бир кардарды тейлегенден кийин тазалап турууга аракет кылышат.

«Азыр баары жабык, кээ бирөө ооруп жатса, кээ бирлери баары бир кардарлар жок деп ойлойт. Ушинтип эле күнүбүз өтүп жатат. Жакында бул илдеттен кутулуп, баары өз нугуна түшөт деп ишенем», – дейт дүкөн ээси.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты