​COVID-19: 128 учуру катталды. 234 киши айыкты

  • 4 года мурун

28-августтагы маалыматта өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 128 учуру катталганы белгилүү болду.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 18;
Ош – 3;
Чүй облусу – 12;
Ош облусу — 14;
Талас облусу — 6;
Нарын облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 24;
Жалал-Абад облусу – 27;
Баткен облусу — 21.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. 4 медкызматкер айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында –3123 учур катталды, алардын ичинен 2424 медкызматкер айыгып чыкты.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 43 587ге жетти.

234 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 37 726га жетти.

Каза болгондор катталган жок. COVID-19 дан каза тапкандардын жалпы саны 1052. (Расмий такталып чыккандан кийин).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты