​Акрам Мадумаров Ташкентте өзбек өкмөт башчысы менен жолукту

  • 4 года мурун

26-августта Кыргызстандын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Ташкенттеги жумушчу сапарында Өзбекстандын премьерминистри Абдулла Арипов менен жолугушту.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Алар эки өлкө кызматташтыгын, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын ишин талкуулашты. Мындан сырткары соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана чек арадагы кызматташтык маселелери кеп болду.

Өзбек өкмөт башчысы Абдулла Арипов эки өлкө башчыларынын саясий эрки менен эки тараптуу кызматташуу өнүгүп жатканын белгиледи.

2020-жылы 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан катуу чыр чыккан. Эки тараптан ондогон кишилер жабыркаганы кабарланган.

Аймактагы соңку жагдайды 1-июнда эки өлкөнүн президенттери телефондон талкуулаган.

Кыргызстан менен Өзбекстан 1379 чакырымдай чектешет, анын ичинен 5% жакыны такталбай турат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты