Шайлоо-2020: Сотто «Кыргызстан» партиясынын доо арызы каралууда

  • 4 года мурун

Бүгүн, 27-августта, “Кыргызстан” партиясынын доо арызы Бишкек шаардык административдик сотунда карала баштады.

Сотко “Кыргызстан” партиясынын тарапташтары колдоп турушат. Ошондой эле башка саясий партиялардын жана коомчулуктун өкүлдөрү келди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу «Кыргызстан» саясий партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин тапшыруудагы мүчүлүштүктөрүнөн улам кайра кайтарган.

“Кыргызстан” партиясы БШКнын жумушчу тобунун чечими менен макул эместигин билдирип, сотко кайрылган.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты