​COVID-19: 101 учуру катталды. 275 киши айыкты

  • 4 года мурун

27-августтагы маалыматта өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 101 учуру катталганы белгилүү болду.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 32;
Ош – 1;
Чүй облусу – 7;
Ош облусу — 10;
Талас облусу — 4;
Нарын облусу – 5;
Ысык-Көл облусу – 18;
Жалал-Абад облусу – 16;
Баткен облусу — 8.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. 7 медкызматкер айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3116 учур катталды, алардын ичинен 2409 медкызматкер айыгып чыкты.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 43 459 га жетти.

275 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 37 492ге жетти.

Каза капкандар болгон жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты