​USAID Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарды коргоо чараларын колдоодо

  • 4 года мурун

27-августта АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) COVID-19 пандемиясы учурунда гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган адамдарды коргоо жана колдоо үчүн Кыргыз Республикасындагы он бир жарандык коом уюмуна 230 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү грант бөлүп берди.

Бул тууралуу АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул каражаттар баш калкалоо жайларын кеңейтүүгө, жабыркагандарга психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүүгө жана аталган багыт боюнча дагы башка иш-чараларды илгерилетүү үчүн колдонулат. Гранттар USAIDдин “Жигердүү жарандар” долбоору алкагында берилди.

Бул өнөктөштүк демилге COVID-19 вирусунун жайылуусуна байланыштуу 2020-жылдын март айынан баштап киргизилген карантин маалында катталган үй-бүлөлүк зомбулук учурларынын санынын көбөйүүсүнө жооп катары ишке ашырылды.

Өнөктөш уюмдар гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган адамдарга психологиялык жана юридикалык кеңеш берип, баш калкалоо жайларынын, акысыз юридикалык жардам борборлорунун, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы «111» балдар үчүн ишеним телефонунун ишине колдоо көрсөтөт.

Алар ошону менен катар зордук-зомбулукту алдын алуу үчүн маалыматтык кампанияларды өткөрүп, өспүрүм кыздарга өзгөчө көңүл буруу менен, зомбулукту алдын алуу үчүн жооптуу мамлекеттик мекемелер арасындагы кызматташууну мыктылоо үстүндө иш алып барат.

Ошону менен бирге бөлүнгөн каражаттар учурда иштеп жаткан 88 үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча комитеттердин ишин чыңдап, өлкөнүн түрдүү аймактрында дагы кошумча 13 комитет түзүүгө да багытталат. Бул комитеттер үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана жабыркаган адамдарды колдоо максатында жергиликтүү бийлик органдары тарабынан түзүлөт.

«Жигердүү жарандар» – бул USAID тарабынан каржыланып, ACTED жана «Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери» менен өнөктөштүк негизинде FHI 360 уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан беш жылдык долбоор.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты