​Мечиттерде жума намаз окууга уруксат берилди

Республикалык ыкчам штабдын чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагындагы жума намазына чектөөлөр алынгандыгына байланыштуу, санитардык талаптарды сактоо менен жума намаз 28-августтан окула баштайт.

Мындай чечимди республикалык штаб чыгарды.

Анда коопсуздук талаптарын сактоо милдеттендирилди.

Талаптар:

-Күнүмдүк беш убак жана жума намазына келүүчү жарандардын беткап тагынуусу талап кылынат.

-Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана жарандардын дене табын текшерүү иш-чараларын жүргүзүү талап кылынат.

-Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрдик аралыкты так сактоо жана мечиттин сыйымдуулугунун 50% ашпоосу зарыл.

-Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат.

-Дааратты үйдөн алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окуп келүү.

-Жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу талап кылынат.

-Мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 мүнөттүн аралыгында чыгып кетүү сунушталат.

-Саат 13:15 де жогорудагы талаптарды түшүндүрүү, ынтымакка, биримдикке жана сабырдуулукка чакыруу иштерин жүргүзүү.

-Жамаат намаздары ачык абада мечиттин короосунда өткөрүү сунушталат.

-Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын а

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты