​COVID-19: 113 учуру катталды. 292 киши айыкты

  • 4 года мурун

26-августтагы маалыматта өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 113 учуру катталганы белгилүү болду.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек шаары — 42;
Ош шаары – 3;
Чүй облусу – 8;

Ош облусу — 12;
Талас облусу — 1;
Нарын облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 16;
Жалал-Абад облусу – 7;
Баткен облусу — 21.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. 3 медкызматкер айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3114 учур катталды, алардын ичинен 2390 медкызматкер айыгып чыкты.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболо Үсөнбаев билдирди.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 43 358 ге жетти.

292 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 37 217ге жетти.

1 киши каза тапты . Каза тапкандардын жалпы саны 1058ге жетти (Расмий такталгандан кийин).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты