​«Кыргызстан» партиясынын маселеси сотто каралат

«Кыргызстан» саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобунун чечиминин үстүнөн сотко кайрылат. Бул тууралуу партия лидери Канатбек Исаев билдирди.

25-августта БШКнын жумушчу тобу «Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин артка кайтарууну чечкен. Жумушчу топ партия документ тапшыруу учурунда эреже бузган деп тапты.

Мыйзам боюнча Жогорку Кеңешке шайлоого бара турган партиялардан талапкерлердин тизмесин жана тийиштүү документтерди кабыл алуу 24-августта саат 18:00гө чейин токтотушу керек болчу.

БШКнын каттоо журналында «Кыргызстан» партиясынын документтерин кабыл алуу убактысы кол менен оңдолуп, 17:59 деп жазылган.

Видеокөзөмөлдө да алар белгиленген убакыттан бир аз кечиккени көрсөтүлгөн. Жарандык коом жана башка партиялар буга нааразылык билдирип, маселени жумушчу топ карай баштаган.

Документтерди партия көрсөткөн ыйгарым укуктуу өкүлдөн башка адам тапшырганы да талаш жаратып, БШК төрайымы мында да мыйзам бузулганын белгиледи.

Партия өкүлдөрү маселени техникалык ката деп сыпатташууда.

Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрга белгиленген. Алгач жарышка 44 партия ат салышуу ниетин билдирип, 24-августта алардын 17си расмий каттоого алынган. БШКнын басма сөз кызматы алгач «Кыргызстан» партиясы убакыттан кечикпей документ тапшырганын билдирген.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты