БШКнын мыйзам бузуулары боюнча 5 партия Президентке, УКМКга жана Акыйкатчыга кайрылды

  • 4 года мурун

Алдыдагы парламенттик шайлоого катталган «Ата Мекен», «Бир Бол», «Ордо», «Реформа», «Чон Казат» саясий партиялары Борбордук Шайлоо комиссиясынын «Кыргызстан» партиясын каттоодогу мыйзам бузуусу боюнча Президентке, УКМКга жана Акыйкатчыга кайрылды.

Анда БШКнын «Кыргызстан» партиясын каттоодо өзгөчө кызыкчылыгы бар экени жана бардык партияларга бирдей шарт түзбөй жаткандыгы, бул алдыдагы шайлоолорго ишеним жаратпоого шарт түзөрү белгиленет.

“Биз сиздерден 24-августта документ кабыл алуудагы мыйзам бузууларга көңүл бурууну өтүнөбүз жана мыйзамсыздыкка жол берген кызмат адамдарын жоопко тартууга көңүл бурууну сунуштайбыз.

1. БШК оператору көрсөткөн видео жазууда “Кыргызстан” партиясынын катталуу убактысы 18: 03 экени көрсөтүлгөн.

Мыйзамга ылайык, 24-августта саат 18:00 гө чейин берилиш керек.

2. Каттоо журналында “Кыргызстан” партиясынан документтерди кабыл алууда оңдоп жазууларга жол берилген. Ошондой эле тизме боюнча да оңдоолор бар.

3. “Ата Мекен”партиясынын өкүлү Тилек Токтогазиев БШКнын жалпы бөлүмүнүн журналында “Биримдик” партиясынын билдирүүсү жок экенин аныктаган.

4. Акыркы 4 партиядан документ кабыл алуу убактысынын айырмасы 2 мүнөт болгон. (17:57 – 17:59).

Ал эми “Ордо” жана “Кыргызстан” партияларынан документ кабыл алуу бир убакытта көрсөтүлгөн.

  • Каттоо журналында “Кыргызстан” партиясынын өкүлү катары Э. Абилдьдиева көрсөтүлгөн. Бирок ал өкүл кол коюп, документ тапшырган эмес. Документти тапшыруу жана кабыл алууда анын колу жок.
  • Ал эми БШК видео камерасы “Кыргызстан” партиясынын документтерин эркек киши тапшырганын көрсөттү. Документ тапшырган кишинин полномочиеси болгон эмес.

БШК кылмыш-жаза кодексинин 329-беренесин бузуп, кызматтык жасалмалоо, бурмалоого жол бергендиги боюнча жоопко тартуу жагы сунушталды.

24-августта «Кыргызстан» саясий партиясын БШКдан парламенттик шайлоого каттоо боюнча чыр чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты