​COVID-19: 119 учуру катталды. 310 киши айыкты

  • 4 года мурун

25-августтагы маалымат боюнча өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 119 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек – 15;
Ош – 8;
Чүй облусу – 4;
Ош облусу – 15;
Талас облусу – 4;
Нарын облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 12;
Жалал-Абад облусу – 39;
Баткен облусу – 19.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. 2 медкызматкер айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3110 учур катталды, алардын ичинен 2387 медкызматкер айыгып чыкты.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 43 245ке жетти.

киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 36 925 ке жетти.

Өткөн суткада каза болгондор катталган жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты