​Шайлоо 2020: «Кыргызстан» партиясын каттоодогу каталыктар

Борбордук шайлоо комиссиясы 24-августтан 25-августка караган түнү “Кыргызстан” партиясынын документтерин БШКга убагында тапшырган-тапшырбагандыгынын далилин талап кылып бир нече саясий партиянын өкүлдөрү жана активисттер турушту.

Түн жарымында БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова бир катар партиялардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жыйында “Бир бол”, “Ата Мекен” , “Реформа” партияларынын өкүлдөрү жана жарандык активисттер болду.

”Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрү документтерин 24-августта саат 18:00 дөн кийин тапшыргандыгы аныкталган.

Бир азыраак убакыттан кийин БШК өкүлдөрү БШКнын сааты туура эмес экенин, 13 мүнөт алдыга кеткенин айтышты.

Ошондой эле документти эркек киши алып келсе, Кыргызстандын” өкүлү катары аял киши көрсөтүлгөн. Партияны каттаган журналда кол коюлган эмес. Партияны каттаган убакыт чийилип 17.59 деп өзгөртүлүп калган.

Мына ушуга байланыштуу “Кыргызстан” партиясын талапкер катары каттоо-каттабоо маселеси келип чыкты. БШК төрайымы жумушчу топ маселени 24 сааттын ичинде бул маселе чечилээрин билдирди.

Мыйзам боюнча партиялар документтерин 24-августта саат 18.00гө чейин каттатышы керек болчу.

БШК шайлоого 17 партия катталганын билдирген. Анын ичинде «Кыргызстан» партиясы да аталган.

«Кыргызстан» партиясынын катталышынын тегерегиндеги маселе боюнча жумушчу топ түзүлмөй болду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова мындай деди:

— Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңеш депутататтарын шайлоолор тууралуу конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, саясий партиялар БШКга документин 24-августта саат 18: 00гө чейин тапшырыш керек болчу (18:00дө эмес).

Ошол эле мыйзамдын 3-бөлүгүндө БШК талапкердин же талапкерлер тизмесиндеги каттоого туура келбеген дал келбестикти тапса, анда 24 саат ичинде саясий партияга оңдоолорду киргизүү үчүн бул тууралуу ал партияга билдириши керек. . Партия 48 саат ичинде оңдоолорду киргизип, БШКга тапшырышы керек.

Ал эми БШК партияларды каттоо үчүн документтер толук болбосо, ал саясий партияны каттабашы керек.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты