Учак менен дары чачылат деген маалымат чындыкка дал келбейт

23-август күнү WhatsApp тиркемеси аркылуу түнкү убакта самолет менен дары чачылары жөнүндө аудио тараган. Республикалык штаб бул маалыматты четке какты.

Аудиодогу маалыматта чачыла турган дары жаш балдарды оорутары айтылган:

“Бул жолку чачылган дары жаш балдарга зыян экен. Шаардык ооруканалардын бардыгы балдарды кабыл алууга даярданып жатышат. Күзүндө боло турган экинчи толкун балдардыкы болот. Үч күн балдарынарды эшикке чыгарбагыла!”, — деп айтылат аудиодо.

Бирок, Республикалык штаб бул аудио маалыматтын чындыкка дал келбей турганын айтты:

“Түнкү убакта дары чачып жүрүшөт деген WhatsApp аркылуу тарап жаткан аудио билдирүү чындыкка дал келбейт.

Жарандардан такталбаган маалыматты жайылтпоону суранабыз!

Белгилей кетсек, өзгөчө кырдаал министрлиги дезинфекциялык иш-чараларды жөө жүрүп же өрт эсептөөсүн тартуу менен жүргүзүшөт, жолдор жана имараттар дезинфекцияланат”,- деп билдиришти штабдан.

Кайсы бир маалыматты мессенджерлерден таратуудан мурда төмөнкүлөргө көңул буруңуз:

  • Бул билдирүүнү айтып жаткан булак көрсөтүлгөнбү? Мисалы, адамдын аты-жөнү, ээлеген кызматы, же мамлекеттик мекеменин аты ж.б.
  • Ар бир маалыматка дароо ишенбей, сын көз караш менен караңыз.
  • Маалыматтарды расмий булактардан тактаңыз!
  • Азыркы учурда коронавирус боюнча таратылган маалыматтардын чын төгүнүн билүү үчүн COVID-19: Республикалык штабынын 112 түз линия аркылуу тактоого болот.
  • Сиз чын-төгүнүн билгиңиз келген маалыматтарды биздин Фейсбуктагы Полит Клиника баракчабызга, же +996773778957 WhatsApp номерине жөнөтсөңүз, биз текшерип, жарыялайбыз.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты