Ташкентте Кыргызстан өткөрүп берген өзбекстандык журналист тилкат менен бошотулду

  • 4 года мурун

Эркин журналист Бобомурод Абдуллаев Ташкентте жүрүмтурум эрежелерин бузбоо жөнүндө тилкаттын негизинде бошотулду. Бул тууралуу анын Өзбекстандагы адвокаты Сергей Майоров «Азаттыктын» өзбек кызматына билдирди.

«Бобомурод Абдуллаевди жүрүм-турум эрежелерин бузбоо боюнча тилкаттын негизинде бошотушту. Бул ал тергөө аяктагыча суракка чакырылышы мүмкүн дегенди билдирет. Ошондой эле тергөөчүнүн уруксатысыз Өзбекстандын аймагында ары-бери жүрө албайт жана чет жакка чыга албайт. Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, тергөө үч ай ичинде аякташы керек».

Ал Абдуллаевге эч кандай басым жасалбаганын жана Коопсуздук комитетинен чыккандан кийин Ташкенттеги эжесинин үйүнө кеткенин кошумчалады.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) өзбек бийлигинин суроо-талабы менен Бишкекте кармалып, убактылуу кармоо жайында отурган журналист Бобомурод Абдуллаевди 22-август күнү Ташкентке өткөрүп берген.

Атайын кызмат өзбек журналистинин кармалып, сот тарабынан 30 күнгө чейин камакта кармоо боюнча бөгөт чарасы тандалышын өз ара укуктук жардам көрсөтүү боюнча Минск конвенциясынын талаптары менен байланыштырган.

Абдуллаев 9-августта Бишкекте кармалган. Биринчи май райондук соту 10-августта аны бир айга УКМКнын тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган.

Өзбекстандын укук коргоо органдары Бобомурод Абдуллаевди Жазык кодексинин 158-беренеси («Өзбекстан Республикасынын президентине зыян келтирүү»), 159-беренеси («Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө зыян келтирүү») менен айыптап жатканы кабарланган.

Абдуллаевдин энеси Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылып, жалган жалаага кабылган уулун бошотууну суранган. Ташкентке жеткенден кийин Абдуллаев өзбек лидерине энесинин кайрылуусун эске алганы үчүн ыраазычылык билдирип жаткан видео тараган.

Буга чейин бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигинен Бобомурод Абдуллаевди Өзбекстанга өткөрүп бербөөнү талап кылышкан.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: FRE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты