​Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү онлайн-петициялар: кандай иштейт?

2019-жылы жана 2020-жылдын башында популярдуу Change.org платформаларынын биринде, Борбордук Азия өлкөлөрүнөн 90го жакын петиция жарыяланган.

Макаланын түп нускасы Сabar.asia аналитикалык порталында жарыяланган.

Арийне, эл аралык ресурстарда жарыяланган онлайн-петициялар, Борбордук Азия өлкөлөрүндө юридикалык күчкө ээ болбойт. Башкача айтканда, бийликтегилердин чечимине түздөн-түз таасир эте албайт. Анда эмне үчүн онлайн-петицияларга кол коёбуз жана аларды жайылтабыз? Келиңиздер, талдап көрөлү.

Социалдык тармактардан мен дайыма онлайн-петицияларга кол коюу өтүнүчтөрүн көрөм. Ал эмнени билдирет?

Онлайн-петиция – бул адатта жергиликтүү бийлик органдарына же мекемелерге багытталган жамааттык өтүнүчтөрдүн же кайрылуулардын электрондук түрү. Дүйнө жүзүндөгү мына ушундай петицияларды жайгаштыруучу эң популярдуу платформалар – change.org, avaaz.org жана 38degrees.org.uk.

Арийне, Тажикстанда change.org жана avaaz.org сайттары Дүйшөмбүдөгү бир катар имараттарды бузууга каршы жана пластиктен жасалган баштыктарды колдонууну чектөө боюнча уюштурулган петициялардан кийин бөгөттөлгөн. Бирок активисттер онлайн-петицияларды жарыялоодо ар түрдүү айла-амалдарды колдонушат жана аларды VPN аркылуу бөгөттөлгөн платформаларда түзүшөт.

Казакстанда avaaz.org сайты президенттин отставкасы жөнүндө петиция пайда болгондон кийин бөгөттөлгөнүнө бир нече жыл болгон.

2020-жылдын июль айынын ортосунда Кыргызстанда эки петиция — “Маалыматты башкаруу жөнүндө” жаңы мыйзамга каршы жана президентке импичмент жарыялоо петициясы пайда болгондон кийин change.org сайты бөгөттөлгөн.

Түркмөнстанда онлайн-петицияларды жарыялоо үчүн эл аралык ресурстарга мүмкүндүк алуулар мезгил-мезгили менен бөгөттөлүп турат. change.org платформасында үч жыл мурда Alternative Turkmenistan News журналисттери демилгелеген бир гана жамааттык өтүнүч катты табууга болот. Ал петиция кароосуз калган жаныбарларды атууга каршы багытталган. Ал 6 миң добуш чогулткан.

Алар эмне үчүн керек?

Бул — жарандык коом менен бийликти байланыштырган “көпүрө” болуп эсептелет. Ал өз алдынча эле иштей бербейт, бирок кызыкдар болгон мамлекеттик кызматкерлерге белги катары берилет. Маселен, петицияга юристтер кошулуп, сотко доо арызды же кайрылууну туура жазууга жардам бериши мүмкүн. Же болбосо саясатчылар бул маселени күн тартибине киргизип кароону жана көйгөйдү четтетүүгө киришүүнү колго алышы толук ыктымал. Көп учурда ЖМКлар чоң резонанс жаратуучу тигил же бул петициялар жөнүндө маалыматтарды жарыялашат.

Андан тышкары, коюлган колдордун саны калктын тигил же бул маселеге карата мамилесин аныктоого мүмкүнчүлүк берет.

Бардык маселелер боюнча петиция түзүүгө болобу?

Ооба, change.org, avaaz.org жана 38degrees.org.uk. онлайн платформаларында каалаган маселелер боюнча петиция түзүүгө болот.

Алсак, 2016-жылы change.org платформасында “Футбол боюнча Россиянын курама командасын таратуу үчүн” петиция пайда болгон. Бирок көпчүлүк учурларда экологиялык жана саясий маселелер боюнча петицияларды жарыялашат.

Анан ал иш жүзүнө ашабы?

2018-жылы Өзбекстанда жамааттык электрондук кайрылууларды жарыялоочу Mening fikrim («Мое мнение») порталын иштеп чыгышкан. Петицияны жайгаштыруу үчүн ал жердеги темалардын ичинен бир теманы тандап алган соң, катталып, формасын толтуруу керек. Кайрылуу жөнөтүлгөндөн кийин мыйзамга каршы эместигин аныктоочу экспертизадан өткөрүлөт. Парламент петицияны карап чыгышы үчүн кайрылуу 10 миңден кем эмес добушка ээ болууга тийиш.

Ресурстар ишке киргизилгенден бери жарандар 3,8 миңден ашык жамааттык кайрылууларды жөнөтүшкөн. Порталдын маалыматы боюнча, Өзбекстандын парламентинин Мыйзам чыгаруучу палатасы 10 миңден ашык добушка ээ болгон жети кайрылууну жана жергиликтүү деңгээлдеги эки петицияны карап чыккан. Бак-дарактарды коргоону жакшыртуу жөнүндөгү петиция 2018-жылдын май айында жарыланып, 12 күндүн ичинде керектүү добушту чогулткан. Ал 27-июлда Олий Мажлистин төмөнкү палатасы карап чыккан алгачкы онлайн-петициясы болуп калган. Парламенттегилер бак-дарактар фондун коргоо боюнча көйгөйлөр бар экендигин белгилешкен, бирок кайрылууда камтылган сунуштардын бир гана бөлүгүн колдоого алышкан.

Мыйзам чыгаруу палатасы тарабынан ар кандай формада жакын туугандар арасында транспорт каражаттарын колдонуу жана башкаруу укуктарына ишеним каттарды жокко чыгаруу, артка эсептөөчү жол чырактарды орнотуу, жаныбарларга карата ырайымсыздыкты алдын-алуу жана Карши мамлекеттик университетинин Шахрисабз филиалынын ачылышы тууралуу кайрылуулар колдоого алынган.

Тилекке каршы, Борбордук Азиядагы башка өлкөлөрдө онлайн-петициялар юридикалык күчкө ээ эмес – алардын мыйзамдар менен эч кандай байланышы жок. Алардын кээ бирөөлөрү болбой эле бийликтин назарын өздөрүнө бура алат. Бирок ал көбүнчө чоң топтогу уюмдар же нааразы болгон топтошкон адамдар аралашканда гана болот.

Мисалы, 2019-жылдагы Кыргызстандагы Ысык-Көл облусунда уран казууга каршы онлайн-петицияга 33 миңге жакын электрондук кол чогулган. Натыйжада чалгындоого жана уранды казууга лицензияны кайра кайтарып алышкан. Бирок ошол эле учурда өлкөнүн бир нече шаарларында жарандар каршы акцияга чыгышып, социалдык тармактарда кызуу талкуулар жүргөн. Андыктан лицензияны кайтарып алуу – бул петициянын гана жыйынтыгы деп айтууга болбойт.

Эмне үчүн анда онлайн-петицияларга кол коюшат жана таратышат?

Кыргызстанда онлайн-петициялар анчалык таасирлүү эместигине карабай, алар элдин маанайын чагылдырат. Бул чечим кабыл алуучуларды ойлондура турган маалымат.

Анын үстүнө, онлайн-петицияны колдонуу жөнөкөй жана оңой болгондуктан, адатта саясий турмушка аралашпаган адамдарды саясий процесстерге көбүрөөк тартууга жардам берет.

Бирок добуштарды интернеттен топтоп алууга болот эмеспи?

Ооба, ошондой мүмкүнчүлүк бар экени талашсыз. Маселен, change.org сайтында петицияга кол коюу үчүн электрондук даректи, аты-жөнүн гана көргөзүп койгон жетиштүү. Бул ресурста каттоосу жок эле добуш берсе болот же туура эмес почтаны жазып койсо да жарай берет. Мындай жол менен чексиз санда жасап коюуга болот.

Андыктан, онлайн-петиция мыйзамдаштырылган өлкөлөрдө атайын түзүлгөн мамлекеттик сервистерде алдоо мүмкүн эмес. Маселен, Германияда Бундестагга петиция жиберүү конституцияга киргизилген. Парламенттин сайтында каалоочулар электрондук кайрылууларды түзө ала турган же болбосо мурдагыларга кол кое турган атайын бөлүм бар.

Мурда колдонулуп жүргөн кагаз жүзүндөгү петициялардын эмнеси жаман? Алар же онлайн кайрылуулардан айырмаланып, мыйзамдаштырылганбы?

Жок, так ушундай түрдө колдонулбайт. Кыргызстанда элдин мыйзам чыгаруу демилгесинин тартиби бар. Парламентте кароо үчүн мыйзам долбооруна сунуштоодо 10 миң кол топтолушу керек. Бирок бул көп эмгекти талап кылат. Адамдарды бир жерге чогултуу кыйынчылыктарды туудурат, ал эми кол топтоо үчүн кыдырууга көп убакыт кетет жана ашыкча көйгөйлөрдү жаратат.

Өзбекстандын мыйзамдарында жарандар бийлик өкүлдөрүнө сунуштарды, арыздарды, анын ичинде, кайрылууларды жамааттык түрдө топтошуп бере алат деп жазылган. Бирок андай документтерди топтоо үчүн канча сандагы кол керектиги көрсөтүлгөн эмес.

Казакстанда кайрылууну кандайдыр бир ведомствого, чиновникке же кызматтагы адамга жөнөтүүгө болот. Ал үчүн кол топтоонун зарылдыгы жок, болгону туура толтуруу жана жиберүү керек.

Тажикстанда жана Түркмөнстанда ошондой эле “Жарандардын кайрылуусу жөнүндө” мыйзамдар бар. Ал жерде “кайрылуулар” дегенде өтүнүчтөр, даттануулар жана арыздарды да кошууга болот.

Анда эмне үчүн мыйзамдарында жок Борбор Азиядагы мамлекеттерде онлайн-петицияларды мыйзамдаштырууга болбойт?

2019-жылы Казакстандын Коомдук өнүктүрүү министрлиги онлайн-петицияларды жазуу жана карап чыгуу тартибин мыйзамдаштырууну сунуштаган.

Үстүбүздөгү жылдын февралында өкмөт “Е-петиция” сервисин иштеп чыккандыгын жарыялаган. Ресурс электрондук санарип кол коюу аркылуу добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзмөкчү. Сервисти иштеп чыгуу азыр да улантылууда.

Кыргызстанда 2020-жылдын апрелинде депутат Аида Касымалиева онлайн-петициялар жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Жарандардын колун сырткы платформада эмес, парламенттин сайтында чогултуу пландалууда. Эгерде кайрылуу тиешелүү добуштарды чогулта алса, анда парламент аны карап чыгууга милдеттүү.

Арийне, документ парламентте колдоого ээ болбогондуктан, бул демилгени азырынча токтотуп коюшкан.

Тажикстанда жана Түркмөнстанда мындай маселелер каралган да эмес. Эгерде онлайн-петициялар мыйзамдаштырылса, анда бийлик өкүлдөрү аларга жооп берүүгө милдеттүү болушмак.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты