Темир Сариев депутаттыкка талапкерликтен баш тартты

“Ак шумкар” партиясынын лидери, экс премьер-министр Темир Сариев папламенттик шайлоого талапкерликтен баш тарта турганын, ишкерлик жана коомдук иштер менен алек болорун билдирди.

Бул тууралуу ал мындай деди:

-“Менин Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы менен биригип, шайлоого барарым аягына чыкпай калды. Мен шайлоого барбайм, бул абдан өкүнүчтүү, аянычтуу. Бул чечим мага оңой келген жок. Түшүнүп турам, түшүндүрүү да кыйын. Эч кимди күнөөлөбөйм, күнөө – менде, менин принциптеримде” ” деп айтты Сариев.

Темир Сариев «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы менен парламенттик шайлоого аттана турганын билдирген. Ал эми ага чейин «Ата Мекен-Жаңы дем» альянсына кирип, бирок кийин чыгып кеткен.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты