​Жээнбеков: Мага чейинки Президенттер да партия түзүшкөн. Бирок тирек болот деген партиялар эч кимисин сактап калган жок

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков КТРКнын Биринчи радиосуна берген маегинде бийликчил партияларга артыкчылык берилет деген сөздүрдүн тегерегиндеги суроолорго мында деп жооп берди:

-Эгемен Кыргызстандын тарыхында мага чейинки президенттер, аларга тирек болот деп партияларды түзүшкөн. Бирок, ошол тирек болот деген партиялар эч кимисин сактап калган жок да. Ага тарых күбө. Эл күбө. Буга 1995-жылдан тартып саясатта жүрүп, мен дагы күбөмүн.

Мен муну мамлекеттик ишмер катары да, пенде катары да толук түшүнөм. Менде мына ушундай ички эркиндик бар.

Буюрса, шайлоодо жеңип келген партиялардын кимиси болбосун, мамлекеттин кызыкчылыгында чогуу иштегенге даярмын.

Кандай партия келбесин — элдин тандоосу. Эл тандагандан кийин мен ал партиялар менен иштешим керек, -деди мамлекет башчы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты