​COVID-19: 182 учуру катталды. 203 киши айыкты

  • 4 года мурун

20-августта айтылгандай, өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 182 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек шаары — 23;
Ош шаары – 7;
Чүй облусу – 23;
Ош облусу — 20;
Талас облусу – 9;
Нарын облусу – 6;
Ысык-Көл облусу – 13;
Жалал-Абад облусу – 44;
Баткен облусу — 37..

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
2 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 7 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 3059 медициналык кызматкер катталды, алардын ичинен 2372 медкызматкер айыкты.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 42 507ге жетти.

203 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны— 35 486 жетти.

Коронавирустан каза болгондор катталган жок. COVID -19 инфекциясынан каза болгондордун жалпы саны боюнча статистика такталып жаткандыгы айтылды.

Белгилеп кетүүчү нерсе, каза болгондордун жалпы санынын азайып калышына, саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин айтымында, иликтөө боюнча каза тапкандардын 29 %ы COVID-19 же пневмониядан эмес, башка дарттардан каза болгондугу такталды. Каза болгондордун жалпы саны такталгандан кийин билдирилээри кошумчаланды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты