​Жомоктогудай Кыргызстан. Талас облусу

Жомоктогудай Кыргызстан” – бул Диана Светличнаянын өлкөнүн жети облусун чагылдырган материалдарынын топтому. Бул – шаардык жарандын айыл жергесинин жашоо шартына карата көз карашы. Салттуу үй-бүлөнүн назик дүйнөсүнүн эшигин ачуу, кыргызстандыктардын улуу-кичүү муунун бириктирүүчү тарыхый баяндарды жана жомокторду жазып алуу, алардын баалуулуктарын талдоо аракети.

“Саманчынын жолу”

Күн чыгары менен сапарга чыктык. Түндө жамгыр жааган, жер нымдуу дем алат. Алдыда төрт жүз чакырым узак жол, жаңы адамдар, таасирлер, табият. Мен да, котормочум да Талас облусунда болгон эмеспиз. Жаш баладай эле толкунданып жаттык. Бишкектен чыга берерде, эски салтыбызды улай май куюучу жайдан кофе сатып алдык.

Эч кимди жактырбагандай түнөргөн бариста, ал жогорку октаналуу хандыктын башкаруучусу да экен, биздин кагаз чөйчөктөрүбүзгө кофени жайдан куюп жатып, буттарын ары-бери солбуп, отурган ордунда үргүлөп бараткандай.

— Күнгө күйүүдөн сактоочу крем берип коесузбу? – дедим унутуп калган нерсемди эсиме түшүрүп.

— Ысык-Көлгөбү? – оозун ачып эстеп жатып сурап калды кожоюн.

— Таласка, — дедим.

— Чакан жана бай жер! – капыстан эле бензин, кофе, крем сатуучу киши жандана түштү. Ал Талас тууралуу айтып жатканын мен шыр түшүнгөн жокмун.

— Чакан дегениңе макулмун, а эмнеси менен бай? – деп таңдана сурадым.

— Кыргызстан боюнча төө буурчактын баары кайдан? А алмаларчы? Кымызчы? – менин баарлашуучумдун жүзүнө кан жүгүрүп кызара түштү.

— Сиз ошол жакта төрөлгөнсүз го дейм? – акырын кызыга сурадым.

— Жок, мен – чүйлүкмүн, апам Таластан – кандайдыр бир башкача добуш менен жооп берди. Анын көзү жылмайып, катаал бет каптын алдынан наристеникиндей, таза жүзү көрүнө түштү.

Уйкулуу Бишкек артта калды. Айдоо талаалар арасындагы айыл жолдорун аралап жөнөп калдык. Капыстан Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” чыгармасындагы саптар эсиме түштү:

“Оо, кутман талаам, сен азыр жыйым-теримден кийин көшүлүп эс алып жатасың. Жадегенде балдардын чуру-чуу түшкөн үндөрү да угулбайт, жолду чаңдаткан машинелер да, комбайндар да көрүнбөйт, аңызга мал да түшө элек. Сен адамдарга мол түшүмүңдү, берекеңди төгүп берип, эми боюнан бошонгон аялдай мемиреп уктап жатасың. Тоңдурма дың жерди бузганга чейин эс аласың. Азыр бул жерде сен жана мен – экөөбүз гана барбыз, башка эч ким жок”.

Чыңгыз Айтматов

“Саманчынын жолу”

Мектепте окуп-жаттаган нерселер өмүр бою жадыбыздан чыкпай калат экен. Менин мектебимде Айтматовду жаттап окушчу. Людмила Михайловна, рахмат! “Авторду түшүнүү үчүн анын кичи мекенин барып көрүү керек”, — деп сиз көп айтчусуз.

Бара жатабыз.

Бишкектин артындагы талаалар

Кыргыз рулеткасы

Төө-Ашуу өзүнүн тоону тешип салынган жолдору менен компьютердик оюндарды эске салат. Машинелер жүрүп бара жатат, жол созулуп жатат. Чукул кайрылыштар, дагы бири, анан дагы… Балдар, мынча кайда шашып бара жатасыңар? Жолдун кооптуу жерлеринде эмне мынча алып учасыңар? Унаанын отургучунда бүрүшүп олтуруп, анда-санда дем алып бара жатабыз.

— Алар мынча кайда шашып бара жатат, кандай ойлойсуз? – деп котормочуга суроо узаттым.

— Алар шашып бара жаткан жок, бул жашоо стили да: аман калабыз – аман калбайбыз, кыргыздын кумар оюну, — деди ал.

Өлкөдөгү эң узун тоону тешип салынган жолдун капкараңгы түпкүрүнө сүңгүп кирип бара жаттык. Жаркыраган күн нуруна көнгөн көздөрүбүз таштуу коридордун каптал-дубалдарын, узун-туурасын шыр эле ажырата албады, мына-мына дагы бир аздан кийин эле дубалдар биригип калып, биз көөдөй тунжураган караңгылыктын кучагында калчудайбыз. Караңгылыктан суурулуп чыгып келе жаткан жүк ташуучу машиненин жарыгы тарап, биз оор дем алып, тешкен тоонун калган эки чакырымдай бөлүгүн унчукпай жымжырттыкта өттүк.

Ошко бара жаткан жол – эргүү тартуулайт: кенен созулган мейкиндик, басымдуулук кылган жапжашыл өң. Ар бир эки жүз чакырым сайын “кымыз, саамал, курут” деген боз үйлөр.

Биз эңсеген Таласка бурулуш жер. Кире беришинде бул жерлердин колдоочусу – Манастын эстелиги, анын аркасында өткөөл жана көйкөлө созулуп жаткан Талас өрөөнү!

Ийилген өткөөлдөн өтөрүң менен эле күндүн табы төмөндөп, аска боорлорунда кар тилкелери саргарып, жашыл тулаңдуу өзгөчө климаттык аймак башталат. Тоо этектери чоң-кичине тоо таштарына жыш толгон. Ушул жактан гана кыргыз турак-жайынын түзүлүшүн, өңү-түсүн, көлөмүн тандоо эмнеге байланыштуу экендигин түшүндүм.

Боз үй мындагы тоо тектеринин бир нече чоң-чоң калдыктарынын арасындагы сай таштарынын түзүлүшүнө жана түсүнө атайылап окшоштурулуп жасалгандай, таштардан айырмасы жок.

Талас өрөөнү

Өтмөк ашуусунда (деңиз деңгээлинен 3326 метр бийик) бизди жыл мезгилдеринин “көргөзмөсү” күтүп турат. Бирде нөшөрлөп жааган муздак жамгырды жаркыраган күн алмаштырса, бирде машинебизди катуу шамал булкат, шамал тынчыганда тээ алыстагы дарыялардын шоокуму угулат.

Жол өрүлүп жатат, бирде төмөн куласа, бирде асман тиреп жогорулайт. Бул жолдун бурулуштары өтө чукул, алдын ала болжоп билгис, аба басымынын төмөндөгөнү сезилип турду. Баш айланып, жүрөк опкоолжуп, алып-учат – бул айланадагы кооздуктанбы же аба басымынанбы белгисиз?

Өтмөк ашуусу

Ашуудан өткөндөн кийин, кичинекей суунун жанынантоктодук. Сууга күндүн нуру чагылышып, чөптүн жыты буркурайт, жылуу ташка отурган жакты.

Тоолордо ушундай бир булактар болот дейсиң: жаңы жолдор түшүп, аларга алып барчу жол менен эч ким баспай, жолоочулар суу ичкенге да чанда эле кайрылгандыктан, булактарды тегерете жалбыз, бүлдүркөн каптап калат. Дагы бир аздан кийин ал сыртынан такыр эле байкалбайт. Аны кээде гана эстешип чыйылдаган күндүн ысыгында суусунун кандырууга кайрылышып, бара-бара унутта калтырышат.Күндөрдүн бир күнүндө аны эстеп, жыш чөп баскан жерден издеп табар киши табылып, ал булактын көзүн тазалап, суктана карайт: көптөн бери эч ким булгабаган тунук, мупмуздак суу аны өзүнүн тереңдиги жана тунжураган тынчтыгы менен таң калтырат. Ал киши булактан өзүн да, асманды да, тоолорду да көрөт…”

Чыңгыз Айтматов

“Биринчи мугалим”

Дүйнө жүзүндөгү эң даамдуу суу

Манас Ордо

Талас шаарына 20 чакырымдай жетпей, Таш-Арык айылына кайрылдык. Кооз айыл экен, заманбап, кенен асфальтталган жолдор, бышкан кыштан салынган үйлөр. Ушул жердин бир жеринде кыргыздардын башын бириктирген кыргыз баатырына арналып салынган маданий-тарыхый комплекс болушу керек. Уламышка караганда, баатыр ушул жерде түбөлүк уйкуда жатат.

— “Манас ордого” кантип барсак болот? – жолдон жолуккан биринчи эле кишилерден сурадык.

Бизге жолду түшүндүрүүгө аракет кылып жаткан кишинин сөзүн жулуп эле, узун бойлуу, күнгө күйгөн эркек киши машинанын ичине башын салып: — Аны укпагыла, мени уккула! – деп калды. Машинанын ичин алкоголдук ичимдиктин “жыпар” жыты каптап калды.

— Бир нерсени белгилеп, майрамдап жатасыздарбы? – деп эркек кишиге суроо узаттым.

— Таажы вирус менен күрөшүп жатабыз, — деди ал.

Кыргыз улуттук “Манас ордо” маданий-тарыхый комплекси айылдын ичинде эле экен. Кире беришинде боз үйлөр турат, алардын ичтеринде улуттук кийимдерди кийинишкен эжелер ысыктан корголоп отурушат.

— Кымыз, курут, магниттер, — катар-катары менен кайталашат.

— Кол чатыр алып алгыла, күн куйкаланып турат, — деп кире бериште кассир аял эскерткен.

Музей жана комплекстин тегерек-чети менен таанышууга бир саатка жетпеген убакытыбыз кетти. Тээ качандыр-бир убакта бул жакка келгендер өздөрүн башкача сезишип, экзальтацияга түшүп, ыйлашып, башкача үндөрдү угушат деп окуп калдым эле. Бизде мындай эч нерсе деле болгон жок. Асман тиреп өскөн карагайларды, таш жолдорго тегиз орнотулган отургучтарды карап кубанып жаттык. Бул жакка сейилдегени келген жакшы экен. Санарип технологиялардын заманында таш эстеликтер жана папье-машеден жасалган каармандар менен эч кимди деле таң калтыра албайсың.

Жай ойнолгон комуз күүсү делебемди козгоду. Аллея менен кетип бара жатсаң жок, угулбайт. Токтоп каласың. Колонкалар карагайлардын алды жактарына жашырылган экен, алар көрүнбөйт. Жол боюндагы отургучка олтуруп алып, жымжырттыкка мемиреп уга бересиң.

Кыргыз улуттук “Манас Ордо” маданий-тарыхый комплекси

Талас

Таласка кечинде жеттик. Мейманкана табуу оңой болгон жок. Тармактардагы жарыя жана кулактандырууларга караганда, бейпил тынч замандарда деле шаарда мейманканалар көп эместей, ал эми пандемия башталгандан бери эң жаман делген конок үйлөрү да телефондорун өчүрүп коюшкан. Аларды да түшүнсө болот. Досторубуздун достору аркылуу пандемияга карабастан, кардарларды кабыл алып жаткан Болот байкенин номурун таптык. Анын мейманканасына жатууну макулдашып алган соң, бактылуу болуп, кафе издеп жөнөдүк.

Шаардын борборунда жол чырактар жана шамдар бүлбүл жанып турат, кишилер жана машинелер көрүнбөйт. Бул жакта өзгөчө абал али алына электей болуп, кафелер жабык, дүйкөндөр ээн.

Кезектеги кайрылыштан апокалипсис тууралуу тасмадагыдай тактайчадагы бүлбүлдөгөн оттун жарыгынан алыстап бара жаткан машинаны көрүп, ошол жакты көздөй жөнөдүк. Кафе иштебейт экен, жаш бала эшигинде бирдеме кылып жатат, жоолукчан аял ичинде кагаздарды карап, калькулятор басып отурат.

— Эже, жабылып калганыңыздарды көрүп турабыз, бирок биз ачкадан өлүп баратабыз! – деп лагман менен аш жыттанып турган кафенин ичине кирип бардык.

— Мага айып пул салып коюшат! Караңгы киргенден баштап иштегенге укугубуз жок… – деп аял бизге түшүндүрүп баштады.

— Эже, биз күнү бою жол жүрүп келдик… – кош колдоп суранычыбыз кожойкенин жүрөгүн жибите баштады көрүнөт.

— Аииий! Отургула! – деп сырткы эшикти кулпулап койду.

Ачкалыктын катаал өлүмүнөн бизди даамдуу шорпо, манты жана боорсоктор менен сактап калышты.

Берешен адамдардын мекени

— Талас – өзгөчө энергетикалуу жер. Мен муну ушул жерлик болгонум үчүн айтып жатканым жок. Муну сырттан келгендер, туристтер айтып калышат. Бир келген киши сөзсүз кайра кайрылып келет. Бул берешен жер. Ал дүйнө жүзүнө залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду тартуулады, бул жерди Манас ата түбөлүк жайы үчүн тандап алды, — деди конок үйүнүн ээси Болот байке кечки чай учурунда.

Биз жайкы чарпаяда олтурдук, асманда ак алмалар салаңдап, бак жашыл тулаңга оронуп жатат, чегиртке сайрап, жайкы жел карагайды термелтет.

Болот байке Таласта төрөлүп-өскөн. Анын алты баласы жана бир жээни бар.

— Менин үч эркек, үч кызым бар. Биз байбичем экөөбүз байбыз. Жолдуу болдук.Анткени адамдын байлыгы – бул анын бала-чакасы. Балдардын баарынын ал-жайы жакшы, биздин да көөнүбүз тынч. Был жылы бизге Элинкабыз-жээнибиз жетишпей турганы анык. Ал Бишкекте жашайт, жыл сайын жайкысын бизге алып келип беришчү. Бирок, бул жылы кызым ушул оңбогон вирустан кооптонуп, бизге Элинканы алып келбей жатат.

Болот байке балдарын мээрим, сүйүү толо эскерип жатты, ар бир баласы менен сыймыктанат, балдары Таласта жашап жаткандарына, бардык нерседе жардамга келгенине кубанат.

— Биз баарын чогуу жасайбыз. Бала кездеринен ушуга көнүшкөн. Кыздар апасына – үй жумуштарына көмөктөшчү, балдар мага – чарба иштерине кол кабыш кылышчу. Мына конок үйүн куруп алдык, туристтерди тособуз, бактарды карайбыз, кенже уулум он алтыга чыкты, ал экөөбүз мына ушул чарпаяны жасадык. Менин эки жарым гектер жерим да бар, он жылдай төө буурчак айдадык, өзүбуз чаап, сугарып, бактык. Азыр эки жылдан бери жер эс алып жатат. Ал учурда ушул чарпаяны жасаганга убакыт табылды, — деп күлүп калды Болот байке.

Болот байке балдарды курулай сөз менен тарбиялоонун пайдасы жок деп эсептейт, балдар ата-энеси кылган нерселердин баарын кайталап жасашат. Ошондуктан балдарың жакшы адам болсун десең, өзүң жакшы адам болушуң керек дейт.

— Аларга “китеп оку, жумуш жаса, аракет кыл”деп айтпай, булардын баарын өз мисалыңда көрсөтүп беришиң керек. Балдардын эс тутуму мыкты жана баамчыл болушат. Баарын байкап, баарын эстеп калышат. Мына биздин Элинка бир жолу эртең менен мени менен койлорго жем бергени барып калды, менин челекте дарбыз менен коондун калдыктарын аралаштырып жатканымды көрүп, унчукпай, ойлонуп карап турган. Андан кийин базарга дарбыз сатып алганы барсак, ал мага: “Эмне үчүн силер күнүгө дарбыз сатып аларыңарды мен эми билем”, — деп жатпайбы. Мен: “Эмне үчүн?” десем, ал: “Койлоруңардын курсагын тойгузуш үчүн” дейт – Болот байке күлүп, жүзү кубанычтан нурдана түштү.

Жээни жөнүндө айтып түгөтө албайт, ал турмуштук окуяларды аябай жакшы көрөт дейт. Өзү жөнүндө же ал тааныгандар жөнүндө болгонун жактырат экен.

— Өзүм да бул окуяны айтканда, кайра болуп жаткандай кабатырланып, кыйналам.

Элина үчүн жомоктор

Бир кыз болуптур. Кичинекей, шайыр, көп нерсени билүүгө тырышчаак кыз экен. Баары ага кызык болчу, баарын билгиси келчү. Бирде тээ бийик дарактын башына чыгып алып, токойдо эмне болуп жатканын карап отурганды жактырса, бирде карышкырлар менен сүйлөшүп, алардын ден соолугун, ал-акыбалын сурачу. Тай ата менен тай энеси эс алуу дегенди унутуп, кезектешип анын артынан жүрүшчү, бирде дарыяга, бирде талаага анын артынан чуркашат, кол кезеп, үйдөн алыс жакка кетпөөнү катуу эскертишет. Алардын жападан-жалгыз сүйкүмдүү жээни бар.

Бир күнү тентек кыз тоодон аккан суудагы таштарды санаганы кетип калыптыр. Жээкте жыргап сууну карап турат, асмандагы аса-мусаны карап сүйүнүп коет. Карап турса эле сууда таш жылтырайт. Ошону кол менен кармап алгысы келет. Ташка карай эңкейгенде эле, буту сыйгаланып сууга кулап түшөт. Агымы күчтүү суу аны сүйүнгөн бойдон агызып жөнөйт.

Т-а-й э-не!” – коркуп кеткен кыз кыйкырат. Дарыя албууттанып, мурункусунан да тезирээк ага баштайт.

“Т-а-й а-т!” – чөнтөгүндөгү таштар суунун түбүнө тарта баштаганда кыз ушуну эле айтып үлгүрүптүр.

Алыс жакта жүрүшсө да, тай ата, тай энеси кыздын кыйкырыгын угуп калышыптыр. Кылып жаткан иштерин таштай коюп, сууну карай чуркашат. Жээкте кыздын жок экенин көргөндөн кийин, ыйлап-сыкташып дарыяга кол сунуп:

Дарыя, дарыя, биздин кызыбызды кайтарып бер” — дешиптир. Дарыя алардын көз жашын көрүп, катып, токтоп калыптыр. Бирок, эч жеринен кызды таба албай коюшат.

“Сиздердин кызыңыздарды таштар жибербей кармап жатат!” – дейт дарыя тай ата менен тай энеге.

“Таштар, биздин кызыбызды кайтарып бергиле! – деп кыйкырат тай ата. Ошондо кыздын чөнтөгүндөгү таштардын баары түшүп калып, кыз суунун үстүнө калкып чыгат. Тай ата менен тай эне сүйүктүү жээнине карай чуркашып, кучактап, өөп-жыттагылап, кучагына кысышат. Кыз көзүн ачып, жылмайып коет.

“Дарыя, сенин бул жакшылыгыңды эч унутпайбыз” – деп тай эне сууга жүгүнөт.

“Таштар, биз силердин жакшылыгыңарды эч унутпайбыз” – деп тай ата таштарга жүгүнөт.

Мен да эч качан унутпайм” – деп кыз жерге жүгүнөт.

Болот байке жана анын багы

Эртең менен ойгонсок, Болот байке жумуштарын бүтүрүп жүрүптүр. Багын сугарып, чөбүн чаап, тамашалай сүйлөп, чексиз бактылуудай көрүнөт.

— Менин мүнөзүм апамдыкына окшош. Ал 85ке чыкты, көзү жакшы көрбөйт, бирок шайыр-шатмандыгын, тамашакөйлүгүн жогото элек. Мен азыр силер менен тааныштырам.

Болот байкенин жубайы — Алия кайын энесине бактын жыш бутактарынын арасынан өтүүгө жардамдашып, алма дарагынын алдына салынган килемге алып келип олтургузду.

Болот байкенин апасы жана жубайы

Инобад чоң апа

— Силерди жомок чогултуп жүрөт деп уктум. Кайсы жомок аябай кызыктуу экенин билесиңерби? – деп сурады Инобад чоң апа.

— Кайсы? – деп кызыктым мен.

— Адамдар кандай жашагандыгы тууралуу жомок. Азыр мен силерге айтып берем.

Чоң апа ыңгайлуу жайланышып алып, өз жомогун айта баштады.

— Мен Казакстанга караштуу Жамбыл облусунда 1935-жылы төрөлгөнмүн. Алты айлык болгонумда атамды турмөгө камап салышкан, ал кезде көп кишилерди камаган. Эгер бир киши башкалардан бир аз жакшыраак жашаса, демек, ал – душман. Апам Өзбекстандагы туугандарына кайтып барган. Мен таятамдардын колунда чоңойдум. Атам түрмөдөн жаңы эле бошонуп чыкканда, армияга алып кетишет. Апамдын боюнда болуп, бирок төрөй албай, төрөттөн каза болгон. Ошол күндү эч качан эсимден чыгарбайм. Апам “Инобад” деп кыйкырды, мен чуркап бардым, анын көздөрү тунарып, арт жагына айланып калыптыр. Биз иним экөөбүз коркуп, көчөгө чуркап чыктык. Бирок, бизге ким жардам бере алмак эле?! Байкуш апам жапжаш каза болду. Кичүү иним Таакелди экөөбүз апамдын ата-энелеринин колунда калдык. Андан кийин эле согуш башталды. 1943-жылы тай энем каза болду. Мен анда жетиде болчумун, али тамак бышырганды үйрөнө элек элем. Баарын тай атам жасачу. Ошол кезде анын башына оор түйшүк, чоң азап түштү. Ал билимдүү адам – молдо болчу, кат-сабаты жоюлган эле, араб тилинде окуганды, жазганды билчү. Ал үйдө олтурчу эмес, бирде булар, бирде тигилер чакырып кетчү, дайыма биз жей турган бирдемелерди көтөрүп келчү.

Согуштан кийин таятам Киров районунан бир аялга үйлөндү. Ал кыркта экен, таятам алтымышта болчу. Ошол Мария аттуу аял бизди өз балдарындай багып чоңойтту, окутуп-чокутту. Мен он жылдык билим алгам. Дарыяны жээктеп окууга барганыбыз эсимде. Эртең мененкисин, анан кечкисин дарыя тараптан сыдырым жел согуп турчу, биз артты карап алып басканды үйрөнүп алганбыз.Ошентип, тескери караган бойдон эки чакырымдай басчубуз. Же бут кийимибиз жок, же жылуу кийим-кечегибиз жок, бирок бир да күн сабак калтырчу эмеспиз.

Мен тогузунчу класста окуп жүргөндө Сталин каза болду. Онунчу кластты бүткөндөн кийин болочоктогу жолдошум менен тааныштым, бирок күйөөгө тийбей окуюн деп чечтим. Кыздар педагогикалык институтунун математика факультетине тапшырдым. Биринчи курсту аяктагандан кийин, күйөөм мени ала качып кетти. Жети жыл окуй алган жокмун. Ынтымактуу жашадык, бардык иште бир-бирибизди колдоп турчубуз. Таянар-колдоор эч кимибиз жок эле. Бир күнү жолдошум институтта окугусу келерин айтып калды. Анда мен да окуйм дедим. Ошентип, мен да аны менен чогуу барып, сынактардын баарын жакшы тапшырдым. Москва соода-сатык институтунан билим алдым, анан 1987-жылы пенсияга чыкканга чейин соода тармагында иштедим.

— Жашооңуздун ушундай болгонуна ыраазысызбы?

— Ооба, ыраазымын. Жанымды балам бар, көзүмдүн кареги менен тең айланып кам көрүшөт. Неберелерим бар, мына – эң кенжем, сүйүктүү неберем Жаныбек.

— Ал кайсы окуяны эстеп калып, кийин өзүнүн балдарына айтып берүүсүн каалайт элеңиз?

— Биздин үй-бүлөнүн баянын.

Бир үй-бүлөнүн үч мууну

Жаныбек үчүн жомок

Байыркы мезгилдерде бир ажыдаар адамдарга тынчтык бербей кыйнаган экен. Бүтүндөй айылды чаап турчу. Күтпөгөн жерден кайдан-жайдан пайда болуп, оозунан от бүркүп, болгон түшүмдүн баарын өрттөп салчу. Уй, ат, кээде адамды кармап алып, белгисиз жактарга алып учуп кетчү. Эл ажыдаарды көргөн кишилерди келесоолор дешип, айткандарына ишенчү эмес.

— Ажыдаар! – күйүп күлү калган талаада өңү кубарып, көзү тостоюп, кол булгалап бир киши кыйкырат.

Акмак! – дешип элдер, аны карап күлүшөт.

Бул жердегилердин баары ажыдаардын бар экенине ишенишчү эмес.

Бир айылда ак көңүл, кайраттуу, иштерман, ыманы ысык бала болгон экен. Жер айдап, ыр ырдачу. Анын колунан баары келчү, колунан көөрү төгүлчү, иштин майын чыгара жасачу.

Бир күнү жаш жигит кыңылдап чөп чаап жүрөт, чекесиндеги терин шыпырганга убакыты жок. Бир кезде чоң коркунучтуу жаныбар учуп келип, тырмактуу чеңгели менен жигитти чалгысы менен капшыра кармап, асманга учуп жөнөйт. Жаш жигит кылып жаткан ишин бүтүрө албай калганына ачуусу келип, чалгысы менен каршы-терши чапкылай баштайт. Туш келди чапкылап, аны тилдей берет. А чалгысыөтө курч эле, атайын кайрак таш менен курчутулган. Күчүнүн барынча чеңгелин туштап сайып жиберет.Ажыдаардын чеңгели жазылып кетип, жаш жигит төмөн карай кулап кетет. Кулап баратып, коюу токойду, жапжашыл бак-дарактарды көрүп сүйүнөт. Башын көтөрүп жогору жакты караса, ажыдаар да төмөн карай учуп келе жатыптыр, чочуп кетет. Ошентип, экөө бирдей чытырман токойго кулайт. Карылыкпы же жүрөгү начарбы, айтор, ажыдаар жерге кулары менен жан берет. Эмнеден экени белгисиз. Чалгысын алып алып, жаш жигит өз айылын издеп жөнөйт. Айылына жеткиче көп күндөр өтөт. Кишилер анын жолун тосуп чыгышып, аман келгенине кубанышат, бир чети таңданышат.

Мен ажыдаарды жеңдим! – дейт азамат.

Акмак! – дешип аны шылдыңдашат.

Жүргүлө, силерге көрсөтөм! – деп айтканынан кайтпайт эр жигит. Жүргүлө. Коюу чытырман токойду аралап көп күн, көп түн жол жүрүшөт, ажыдаарды тигинден да, мындан да издешет, чарчап-чаалыгышат. Ажыдаар жерге житип кеткендей эч жерде жок. Балким, күйүп күлгө айланып калгандыр, ким билсин?

Ошондон ушул күнгө чейин ажыдаардын бардыгына эч ким ишенбейт. Кээде гана же тигинден же мындан талаалар, токойлор өзүнөн өзү өрттөнүп, адамдар жоголуп кетишет…

Бакыт деген ушундай болот

Бул материал “Сорос-Кыргызстан” фонду тарабынан каржыланат. Аталган материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана “Сорос-Кыргызстан” фондунун көз карашын чагылдырбайт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты