​COVID-19: 179 учуру катталды. 1 бейтап каза тапты, 312 киши айыкты

  • 4 года мурун

19-августта айтылгандай, өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 179 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 39;
Ош – 8;
Чүй облусу – 17;
Ош облусу — 24;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 39;
Жалал-Абад облусу – 26;

Баткен облусу — 22.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын төрайымы Айнура Акматова билдирди.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
4 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 7 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 3045 медициналык кызматкер катталды, алардын ичинен 2363 медкызматкер айыкты.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 42 325 ке жетти.

312 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны— 35 197 ге жетти.

Бир сутка ичинде 1 бейтап каза тапты (пневмонияны эсепке алганда).

COVID -19 инфекциясынан каза болгондордун жалпы саны 1054 кө жетти (пневмонияны эсепке алганда).

Белгилеп кетүүчү нерсе, каза болгондордну жалпы санынын азайып калышына, саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин айтымында, иликтөө боюнча каза тапкандардын 29 %ы ковид же пневмониядан эмес, башка дарттардан каза болгондугу такталды. Ошондуктан коронавирустун жалпы өлүм санынан 437 учурда алып коюуга туура келди.

Ошондуктан кечээки, 18-августтагы статистикадагы өлүм саны 1053 деп оңдолду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты