​Каратаев: Эпидемиологиялык кырдаал төмөндөп жатат

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев маалымат жыйынында 18-августка карата Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал төмөндөө тенденциясына ээ болгонун билдирди.

«Оорунун жаңы учурлары 2020-жылдын 13-июлунан 19-июлуна чейин эң көп катталган. 10-августтан 16-августка чейин өткөн жумага салыштырмалуу -40%га төмөндөө байкалууда» — деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Каратаев.

Анын айтымында, эгерде 3-августтан 9-августка чейин 3012 учур болсо, 10-августтан 16-августка чейин 1814 учур катталган.

-Акыркы жумада тестирлөөдөн өткөн жарандардын арасында ПЧР-анализдери COVID-19 вирусунун бар экенин көрсөткөндөр 4,9%ды түздү. Буга чейин 17 жума бою бул көрсөткүч 23,1%ды көрсөтүп келген, — деп кошумчалады ал.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты