​COVID-19: 155 учуру катталды. 2 бейтап каза тапты, 318 киши айыкты

  • 4 года мурун

18-августта айтылгандай, өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 155 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек – 40;
Ош – 11;
Чүй облусу – 13;
Ош облусу – 14;
Талас облусу – 6;
Нарын облусу – 11;
Ысык-Көл облусу – 24;
Жалал-Абад облусу – 24;
Баткен облусу – 12.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
2 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 8 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 3028 медициналык кызматкер катталды, алардын ичинен 2352 медкызматкер айыкты.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 42 146га жетти.

318 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны-34 885 жетти.

Бир сутка ичинде 2 бейтап каза тапты (пневмонияны эсепке алганда).

COVID -19 инфекциясынан каза болгондордун жалпы саны 1498ге жетти (пневмонияны эсепке алганда).

Кошумча: Белгилей кетүүчү жагдай, эртең мененки ушул маалыматтар, коронавирустун жалпы өлүмү боюнча 1498 саны 1053 учурду түзөт деп саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Анын себеби атайын комиссия коронавирустан жалпы өлүм санын иликтеп, 29%ы COVID же пневмониядан эмес, башка дарттардан болгондугу аныкталды деп түшүндүрдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты