Кыргызстандын агрардык партиясы шайлоого катышпай турганын билдирди

  • 4 года мурун

Кыргызстандын агрардык партиясы Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого катышпай тургандыгын БШКга билдирди.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 17-августтагы жыйынында партиянын билдирүүсүн карап, аны эске алуу чечимин чыгарды.

Аталган партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жокко чыгарылып, алардын катталган күбөлүктөрү жараксыз деп табылды.

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылдын 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлык чыккан.

Праламенттик шайлоого 44 партия катыша турган болгон. Буга чейин Кыргызстан коммунисттер партиясы, анданкийин «Демократ» саясий партиясы парламенттик шайлоого катышуудан баш тарткан. Эми 41 партия катышмакчы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты