​Кыргызстанда shailoo.kg деп аталган фейк сайт пайда болду. Ага номериңизди жазуу эмне үчүн кооптуу?

Shailoo.kg деп аталган фейк сайт пайда болду. Бул сайт «Кайсы партияга добуш бересиз?» деп шайлоочулардын номерлерин чогултуп жатат. Сайттын фейк экенин бул макалада аныктап, бул жакка номериңизди жазуу эмнеге кооптуу экенин айтып беребиз.

Сайт тууралуу

shailoo.kg деп аталган бул сайтка киргенде ал Борбордук шайлоо комиссиясына тиешеси жок экендигин айтып, 2020-жылдын 4-октябрына пландалган парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын салыштыруу үчүн ачылганы жазылат. Аны менен катар эле сайт жеке маалыматтарды топтобой турганын билдирет.

Шартты кабыл алып, андан ары киргенде онлайн сурамжылоо жүргүзүлүп атканын, канча миң адам бул сурамжылоого катышкандыгы тууралуу маалымат көрсөтүлөт.

Шайлоого ат салышуу максатында катталган 43 партия менен “Баарына каршы” деген жооп бар. Кайсы бир партияны тандап, добуш беришиңиз үчүн телефон номериңизди жазышыңыз керек, ал телефонго код келет экен, ошол код аркылуу добуш бересиз. Бирок сайт добуштарды жасалма “накрутка” кылуудан качуу максатында номерлерди чогултуп жатканын жазган.

Интерфакс: “Бул сайттын бизге тиешеси жок”

Бул сайттын доменин текшерип көрдүк.

Адегенде бул домендин ээси “Интерфакс” ЖАКсы экени көрсөтүлүп +74957875353 номери, дареги Россия, 127006, Москва шаары, Первая Тверская-Ямская ул, д 33 деп көрсөтүлгөн болчу.

“Интерфакс” эл аралык агенттиктин кеңсесинин дареги дагы мына ушул көчөдө жайгашканы чын, бирок үй номери 33 эмес, 2. Доменде көрсөтүлгөн номер “Интерфакстын” сайтында жок.

Көрсөтүлгөн номерге чалып көрсөк ал “Aurus” автоборбору экен. “Интерфакстын” Кыргызстандагы өкүлү Юлия Костенко аталган сайттын “Интерфакска тиешеси жок жана болгон дагы эмес” деген жообун берди.

Москвадан Лондонго алмашып

Бирок көп өтпөй биз бул ресурска доменди дагы бир жолу жазганыбызда, ал жакта даректери такыр өзгөргөнүн көрдүк.

Эми сайттын ээси катары LLC `Aurus Agency International` көрсөтүлүп, дареги Лондондо деп көрсөтүлгөн. (England, London, NW1 3DP, Kings Cross, 386 Euston Rd) Номери катары +442079243388 жазылып калган.

Электрондук почтасы болсо эки жерде тең бир эле [email protected].

Лондондо ушундай аталыштагы компания барбы деп текшерип көрсөк, андай компания жок болуп чыкты. Ал эми телефон номерге чалсак “мындай номер жок” деп жооп берди.

Шектүү Aurus

Сайтты Aurus Agency International сурамжылоо жүргүзгөн 55 компанияны өзүнө камтыган ассоциация экендиги жазылган. Бирок интернеттен бул агенттик тууралуу издеп көргөнүбүздө мындай агенттик чыккан жок. Болгону

Aurus деген ат менен авто салондор бар болуп чыкты.

Эске салсак, адегенде бул сайт ЮСАИД, ОБСЕ, Кыргызстандагы Англия элчилиги сыяктуу эл аралык донорлор колдой турганын жазып, алардын баннерлерин илген болчу. Көп өтпөй бул баннерлерди алып чалышкан. Бул уюмдардын баары Kaktus.media’га мындай сайттын аларга тиешеси жоктугун, биринчи жолу угуп жатышканын айткан.

Ушулбу же жөн эле дал келүүбү?

Жакында эле Кыргызстанда Агентство Aurus деген пайда болду. Ал агенттиктин сайты https://aurus.agency/# дарегинде жайгашкан. Сайттагы маалыматтарга таянсак, бул агенттик брендди башкаруу жана өстүрүүгө жардам берип, пиар иштерди жүргүзөт экен. Shailoo.kg сайтында көрсөтүлгөн Aurus агенттиги ушул эмеспи деген ой менен бул сайтты дагы текшерип көрүүнү туура көрдүк.

Сайтта көрсөтүлгөн номерге чалып көрсөк ал башка эле аялдын номери болуп чыкты, ал Aurus дегенди биринчи жолу угуп жатканын айтты. Ал эми электрондук дарекке кат жазсак мындай дарек жок деген кат келди.

Бул сайтта “Биздин команда” деп үч адистин аты-жөнү, сүрөттөрү менен коюлган. Алар күчтүү пиар менеджерлер, аналитиктер катары сүрөттөлгөн. Бул аттар менен биз социалдык тармактардан издеп, реалдуу мындай адистерди тапкан жокпуз. Ал эми адистердин сүрөтү боюнча Google картинкиден издеп көрсөк алардын үчөө тең рекламадагы сүрөттөр болуп чыкты.

Жыйынтык: Бул сайт добуш берүүнүн жыйынтыгын билүү үчүн эл аралык уюмдардын колдоосу менен ишке киргени калп. Сайттын түзүүчүлөрү кайсы бир саясий партиянын жактоочулары болуп, башка партияларга добуш бергендердин телефон номерлерин чогултуу максатында ачкан болушу мүмкүн. Шайлоо жакындаганда балким, башка партияны жактагандарга телефондору аркылуу чалып, алардын добушун өздөрү жакка бурууга аракет жасашы ыктымал.

P.S. Макала даярдалып бүткөн учурда аталган сайт ачылбай калганы белгилүү болду. Эми бул ресурс 13-августтан бери shailoo.org доменинде иштеп жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты